Бишкек шаары. Сүрөт: Каным Кыдырова/Kloop

Жаңы жылдын кирип келишине саналуу күндөр калды. Майрам күндөрү өзүңүз, үй-бүлөңүз же жакындарыңыз менен майрамдык иш-чараларга катышкыңыз келеби? Анда өлкөнүн эки чоң шаарларында — Бишкек жана Оштогу — Жаңы жылдык афиша менен таанышыңыз.

Бишкектеги иш-чаралар

27-декабрга чейин Рождество майрамын утурлаган «Көрктүү жана коркунучтуу шаар» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. Дареги Пушкин көчөсү, 78а. Кирүү акысыз. Көргөзмөгө саат 11:00дөн 17:00гө чейин келүүгө болот.

Go Viral Central Asia коомчулугу 27-декабрь саат 18:00дө #GoNightBishkek аталышындагы иш-чара өткөрөт. Дареги: Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы. Кирүү акысыз, алдын ала катталуу зарыл.

Ал эми Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 25-декабрдан 29-декабрга чейин «Щелкунчик» 3D спектакли өтөт. Кирүү акысы 500 сомдон 2500 сомго чейин болот. Билеттерди театрдын кассасынан же ticket.kg сайтынан электрондук түрдө сатып ала аласыз.

Жаш балдар үчүн болсо Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында «Актан жана Акылайдын жоруктары» спектакли коюлат. Убактысы 31-декабрь, 13:00. Билет баасы 150 сом.

Ошондой эле жаш балдар үчүн «Азия Моллдо» 25-декабрдан 9-январга чейин Жаңы жылдык шоу өтөт. Убактысы: күн сайын саат 16:00дө. Кирүү акысыз.

Жан дүйнөңүз музыканы каалап турган болсо 28-декабрдан 30-декабрга чейин Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтө турган концерттерге барсаңыз болот. Убактысы: 18:30, билет баасы 500 сомдон башталат.

Мындан сырткары 31-декабрга чейин саат 9:00-19:00 аралыгында сүрөтчүлөр Ормонали Идирисов жана Алмаз Шаршекеевдин көргөзмөсү өтөт. «Жашоо палитрасы» деп аталган көргөзмөгө кирүү акысыз. Дареги: Шопоков көчөсү, 91 — ЦУМ2нин 4-кабаты.

Сүрөт: Каным Кыдырова/Kloop

Ош шаарындагы иш-чаралар

Ош Улуттук драма театрында 28-29-декабрь күнү Жаңы жылдык концерттик программа өтөт. Билет баасы 300 сом, аны театрдын кассасынан сатып алууга болот.

Ал эми 26-декабрдан 30-декабрга чейин Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде кол өнөрчүлөрдүн Жаңы жылдык жарманкеси болот. Кирүү акысыз, жарманке саат 12:00дөн 18:00гө чейин ачык.

ТЕМА БОЮНЧА:

Лыжа, глэмпинг, ысык суу булактары. Жаңы жылдык каникулда кайда барып эс алууга болот?