Лыжа, глэмпинг, ысык суу булактары. Жаңы жылдык каникулда кайда барып эс алууга болот?

Жаңы жылга чейин бир аптага жетпеген гана убакыт калды, андан кийин 8-январга чейин көптөн күткөн каникулдар башталат. Бул күндөрү кантип жана кай жерден ойдогудай эс алса болот? Билгиңиз келсе биздин материалды окуңуз.

Тоо кучагында

Өлкө аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Алардын көбүндө тоо лыжа базалары бар. Лыжа тебүү үчүн эң белгилүү жана эң кымбат база «Караколдо» жайгашкан, бирок Бишкектен алыстабай деле бир нече базага барып эс алып келсе болот.

ЗиЛ, Кашка-Суу жана Акташ

Аталган базалардын баары Бишкектен бир же бир жарым саат аралык жолдо жайгашкан — бул калаа тургундары үчүн активдүү эс алуунун эң эле жакын жана жеткиликтүү жолдору.

Канат жолу иш күндөрү чоңдор үчүн 700-900 сом, эс алуу жана майрам күндөрү 800-1300 сом турат. Ошондой эле ал жактан 500-600 сомго лыжа жана башка жабдыктарды алууга, ошол жерде кафеден тамактанып, мейманкаларында түнөп да калууга болот.

Бул лыжа базалары кардарларына трансфер да бере алат — барып келгенге 400 сом. Андан тышкары, эс алуу базалардын соцтүйүндөгү барактарында акция жана конкурстар өтүп калат: мисалы, жол акысы, лыжа жана башка каражаттардын ижарасын кошуп 1450 сомго бир күн бою лыжа тээп эс алуу. Бул жерде ЗиЛ, Кашка-Суу жана Акташ тоо лыжа базаларынын Инстаграм барактары.

Каракол

Эгер сиз баары бир деле кышкы Караколду көргүңүз келсе, анда бул жерге кириңиз. Бишкектен Караколго чейинки жол алты сааттык убакытты алат, бирок үч миң метр бийиктиктен кышкы Ысык-Көлдү көрүү өзүнчө эле керемет.

Шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү канат жолдун акысы 1000 сомду, ал эми аптанын башка жана майрам күндөрү — 1300 сомду түзөт. Лыжа жана сноуборддорду ижарага алууга 700-900 сом, шлем жана беткаптарга — 250-400 сом кетет.

Тоо лыжа базасы күнүгө саат 09:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

26-декабрдан тартып Бишкектен Караколго жана кайра шаарды көздөй Gobus шатлдары жүрө баштады. Жол акысы бир адамга болгону 450 сом. Орундукту ушундай эле аталыштагы колдонмо аркылуу алдын ала ээлеп койсо болот.

Ошондой эле лыжа базасына жакын мейманкана бар, ал жерде бир же бир нече күнгө калса болот, бирок жаңы жылдык каникулдарда эки орундуу бир бөлмө суткасына кеминде 6 800 сомго айланат. Андан арзаныраак Каракол шаарынын өзүндө 1500 сомдон өйдө тапса болот.

Тынч эс алуу

Лыжа жана сноуборд тээп эс алуу ал-күчтү жана этияттыкты талап кылат, кээде ал кооптуу дагы, себеби жаракат алуу мүмкүн. Андыктан тынч эс алуу варианттарын сунуштайбыз.

Ысык суу булактары

Бишкекке жакын жылуу суу эс алуу булактары бар курорт Чүй облусунун Арашан айылында жайгашкан. Борбор калаадан жарым сааттык жолду алат. Эс алуу борборунда жылуу булактары, бассейн жана жакузиге түшсө болот. Ошондо эле бир нече күнгө мейманканада конуп калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ысык суу булактарынын көбү Ысык-Көлдө жайгашкан. Ал жактарга барып сууга түшүүнүн акысы чоңдорго 300-350 сом турат. Ысык суу булактары Чолпон-Ата шаарында, «Кайнар» жана Termal пансионаттарында, ошондой эле Кажы-Сайда жана Караколго жакын жерлерде бар.

Глэмпинг

Глэмпинг деп жаратылыш койнунда бардык ыңгайлуу шарттары, анын ичинде мейманканалык тейлөөсү бар эс алууну атайт. Мисалы, Бишкектин тышында шаардын ажайып кооз көрүнүшү ачылган өзгөчө, башка андай эч бир жерде жок купол түрүндө салынган экоотель бар. Бирок ал жерде түнөө суткасына 100-120 доллар турат.

Ажайып тоо кучагында жайгашкан Кара-Булак, Супара жана Чуңкурчак эс алуу жайларындагы отелдерде эс алууга да болжолдуу жогоруда айтылгандай эле каражат керектелет. Бул жерлерден күн бою уктап, улуттук тамак-аштан жеп, табиятка суктанып, таза абадан жутуп, анан кайра уйкуга кетип эс алып келсе болот. Баса, эгер китеп сүйүүчү болсоңуз, кызыккан авторлоруңуздун эмгектерин ала барсаңыз болот.