Алгачкы кыргыз тасмалары 1920-жылдары эле тартыла баштаган. Ал эми 1941-жылдын 17-ноябрында кыргыз киностудиясы негизделген — 1961-жылы ал «Кыргызфильм» деп атала баштаган. 2002-жылы киностудияга «кыргыз кереметинин» легендасы Төлөмүш Океевдин ысымы ыйгарылган.

«Кыргыз керемети» деп өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы советтик кино доорун атайбыз. Андагы тасманын көпчүлүгү жаш режиссёрлорго тандык жана фильмдер кыргыздар арасында эле эмес бүткүл советтик өлкөлөрдө жогору бааланган.

Жаңы жылдык эс алууда «кыргыз кереметине» сүңгүп кирип, «Кыргызфильмде» тартылган легендардуу тасмаларды көрүп чыгууну сунуштайбыз.

Кызыл алма

Сүймөнкул Чокморов, Гүлсара Ажибекова жана Таттыбүбү Турсунбаева роль жараткан Төлөмүш Океевдин эмгеги. Тасма 1975-жылы тартылган. Анда интеллигент чөйрөдөгү үй-бүлөнүн жашоосу, сүрөтчү Темирдин жашоосу баяндалат.

Темир качандыр бир кезде бейтааныш сулууга көзү түшүп, ашык болот. Көпчүлүктүн арасынан бир сулууну издейт. Бийик сезим көр турмуштун агымына туш келет. Темир сулууга сезиминин символу — кызыл алманы — берип жатып түшүнбөстүккө тушугат. Жылдар өткөн соң, көкүрөктө калган изги сезим менен «кадимкидей жашоону» чечет — үй-бүлө күтөт, мурдагы жана азыркы сезиминин айкалышын табууга бел байлайт.

Бакайдын жайыты

Жазуучу Кадыркул Өмүркуловдун «Бакайдын жайыты» чыгармасынын негизинде 1965-1966-жылдары тартылган Төлөмүш Океевдин тасмасы. Фильм Океевге эл аралык атак алып келген. Режиссёр жайлоодогу жылкычы Бакайдын турмушун, карапайым элдин тиричилигин чагылдыргысы келген.

Мектеп окуучусу Калык шаарда эжеси менен турат. Ал жайлоодогу ата-энесине жайында гана барат. Атасы Бакай балдарынын шаарга кеткенине кабатыр. Анын жашы улгайып баратат, чарбаны баласына өткөрүп берсем дейт. Бир үмүтү — Калык, Бакай аны өзү менен алып калууну көздөйт. Бирок Калык замандын агымы менен кетүүнү каалайт.

Ак кеме

Чыңгыз Айтматовдун «Ак Кеме» повестинин негизинде тартылган режиссёр Болот Шамшиевдин эмгеги. Башкы ролдорду Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева жана Асанкул Куттубаевдер жараткан. Экинчи пландагы ролду антагонист Орозкулдун образын чагылдырган Орозбек Кутманалиев жана Айтурган Темирова ойногон.

Бала жалгыз. Элдик оозеки чыгармаларды мыкты билген Момун абышка ата ордуна ата, эне ордуна эне. Кадыресе жашоону чоң атасы айтып берген уламыштардай кабыл алган баланын дүйнөсү өз көйгөйү менен алек болгон чоңдор турмушунун катаал чындыгына бет келет.

Ак илбирстин тукуму

1984-жылы режиссёр Төлөмүш Океев тарабынан «Кыргызфильм» студиясында тартылган, эки бөлүмдүү көркөм тасма. Көзгө атар мерген Кожожаш элин ачарчылыктан куткаруу максатында бөкөндөрдү аёосуз кырып жатып, ичик тон кийген баласы Карагулду тааныбай атып алат. Тасманын негизги мазмунунда адам менен жаратылыштын ортосундагы байланыш баяндалат.

Алыскы тоолордо Ак илбирстин тукуму делген мергенчилер жашайт. Алар ата-бабадан калган мыйзамды ыйык тутушат: эч качан адамга кол салышпайт жана аң уулап жүргөндө жаныбарларды жөнү жок кырбайт.

Кыш өзгөчө катаал болуп, ачкачылык күч алды. Ак илбирстердин жаш уруу башчысы Кожожаш жардам сурап башка уруунун башчысы Мундузбайга кайрылууга аргасыз болот.

Саманчынын жолу

Режиссёр Геннадий Базаровдун дипломдук иши — Айтматовдун повестин экранга чыгаруу. Башкы каармандын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган. Тасмада чыгармадагыдай эле Улуу Ата мекендик согуш жылдары, ошол кездеги элдин жашоосу жана адамдардын ортосундагы мамиле сүрөттөлөт.

Толгонайдын үч баласы жана жолдошу Экинчи дүйнөлүк согуштун фронтунда курман болот, бирок ал кайрат-күчтөн тайбайт. Жер эне Толгонайды жашоо менен күрөшүүгө үйрөтүп, күч берет.

Биринчи мугалим

Андрей Кончаловскийдин Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин негизинде тарткан дипломдук иши. Башкы каармандар — Болот Бейшеналиев жана Наталья Аринбасарова.

1923-жыл, жарандык согуш эми гана аяктаган. Кечээ эле Кызыл армиянын катарында жүргөн Дүйшөн мектеп ачып, балдарды окутуу максатында кыргыздардын алыскы айылына келет.

Өнүгүүнү самаган, жалындуу деми бар мугалимдин күчтүү каалоосу кылымдардан бери келе жаткан жашоо образы менен кандуу майданда бет келет. Дүйшөн кагаз эмне экенин билбеген айылга мектеп ачуу үчүн бүт аракетин жумшайт.

Караш-караш окуясы

Мухтар Ауэзовдун «Караш-караш окуясы» повестинин негизинде экранга чыгарылган Болот Шамшиевдин тасмасы. Башкы ролдорду Сүймөнкул Чокморов менен Советбек Жумадылов ойногон.

Анда Орус империясынан көчүп келген эл менен Түштүк Казакстан, Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ортосундагы мамиле жана ошол маалдагы жер бөлүштүрүү саясаты баяндалат.

XX кылымдын башындагы кыргыз конуштары. Колунда жок Бактыгул кожоюнуна ак ниеттен кызмат кылат. Бирок ал — болгону бирөөнүн кол куурчагы: чагым менен чыккынчылыктын кесепетинен Бактыгул түрмөгө түшөт. Көп өтпөй ал жерден качып чыгып, Караш ашуусунда аны кордогондор менен эсептешүүнү чечет.

Тайгак кечүү

Мелис Убукеевдин «Тайгак кечүү» тасмасында 1916-жылкы Улуттук боштондук күрөштөн кийинки эл турмушу сүрөттөлөт.

Мукаш узак жол басып, тоо арасында жалгыз отурган эски боз үйгө туш келет. Ал үй ээси кызы менен кыйын абалга кабылганын билет — Уулжан мурунку болушка токолдука сатылып жаткан болот. Мукаш Уулжанды сактап калууну чечип, бирге качат. Ал өзүнүн окуйм деген кыялын Уулжандын ишке ашыруусун каалайт.

Манасчы

1965-жылы тартылган Болот Шамшиевдин документалдуу тасмасында кыргыздын залкар инсаны Саякбай Каралаев жана манасчылык өнөр тууралуу баяндалат. Бул эмгек — режиссёрдун Москвада Герасимов атындагы Мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүргөндө тарткан дипломдук иши.

Шамшиев алгачкылардан болуп тасмада манасчылык өнөргө кайрылган. Ошол кезде жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болгон.

«Манастан» буркан-шаркан түшүп баян куруп жаткан Саякбай. Жомокчунун айтканына муюп отурган эл. Жамгырга карабай ымыркайын ичигине ороп, балдарга калпак кийгизип, башына жоолук оросо дагы, бир кулагын ачык калтырып Сакени тыңдап жаткан журт.

Сандардын чатагы

«Кыргыз керемети» доорунда режиссёрлор көркөм фильмдерди гана эмес, мультфильм дагы жаратышкан. 1977-жылы «Кыргызфильмде» мультфильм тартуу боюнча долбоор башталган. Аны Сагын Ишенов жетектеген. Бир жылдан соң «Сандар чатагы» деген эң алгачкы анимациялык фильм чоң экрандарга чыккан. Аны жаратууга акын Жолон Мамытов, жазуучу Ашым Жакыпбеков чоң салым кошкон.

Кичинекей кыз менен бала тоо аралап келе жатып Сандардын өлкөсүнө туш болот. Алар сандар бири-бири менен чырдашып, араларынан эң күчтүүнү аныктай албай жатканын көрөт. Эки өспүрүм алардын чатагын тынчтык жолу менен чечүүнү көздөйт.

Тема боюнча:

Сүрөт: Кыргыз кинотеатрларындагы колдо тартылган көрнөктөр кандай болгон?