Диктатуранын пайдубалы. Садыр Жапаров бийлигин кантип бекемдеди?

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Президент 28-декабрда мектеп окуучуларын Жаңы жыл менен куттуктап жатып келечек тууралуу жакшы ойлорун айткан. Филармониянын залында президентке суктанбаган бир да бала калбады окшойт. Бирок эки жыл ичинде, кымбат костюм кийген бул киши республикада чыныгы автократиянын пайдубалын түптөдү. Мындай шартта карапайым үй-бүлөнүн таланттуу балдарына өздөрүн табуу оңойго турбаса керек. Садыр Жапаров аны кантип түптөгөнүн эстейбиз.

Бул материал «Пикир» бөлүмүндө жарык көрдү. Материалда автордун жеке пикири чагылдырылат.

2020-жыл. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев элдик толкундан пайдаланып, өлкөдө бийликти басып алган. Жапаров де-факто президент жана өкмөт башчысы болуп, парламент жыйындарын Жогорку Кеңештин имаратынан Ала-Арча резиденциясына жылдырып, депутаттардан өзүн де-юре президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындоого мажбурлаган.

Ошол эле жылы Конституцияны өзүнө ылайыктап токуй баштаган. 2021-жылдын май айында парламенттик республика президенттик өлкөгө айланган. Садыр Жапаров өкмөт башчысы болуп, жергиликтүү администрация башчылары менен Боршайкомдун жарымын дайындоо укугун алган. Аны кызматынан алуу ого бетер кыйындаган.

Парламент таасирин жоготкон. Депутаттардын саны азайып, алар мындан ары өкмөткө ишинбестик көрсөтө албай, аларды мандаттан ажыратууга себептер көбөйүп, биринчи кезекте президенттин жана өкмөттүн демилгелерин кароого милдеттенип калышкан. Парламент мындан ары бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту президенттин колу жок канааттандырарлык эмес деп таба албай калган.

Президент парламенттин жана Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку жана Конституциялык соттун төрагаларын дайындоо укугуна ээ болгон. Судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу татаалдаган.

Жаңы, көбүнесе ансыз да алсыз парламентти кайталаган бийликтин туруктуу органы — Курултай пайда болгон.

Президент өлкөдө кандай гана болбосун «моралдык жана руханий баалуулуктарга, коомчулуктун аң сезимине каршы келген» иш-чараларды тыюу укугуна ээ болгон.

2021-жылдын ноябрында Жапаров Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстерди өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттин Башкы прокуратура менен УКМКны башкарган достору чоң укуктарды алган. Жазык-процессуалдык кодексте тергөөчүлөрдү кылмыш жөнүндө маалымат келип түшкөндөн кийин аны толук кандуу иликтөөгө милдеттендирген функциясын жокко чыгарган ченем пайда болгон. Соттор териштирүүнү созо алган укук алган.

Өлкөдө жалпы эле күч түзүмдөрүнүн, айрыкча УКМКнын ролу күчөтүлүп, анын башчысы Камчыбек Ташиев республикада де-юре экинчи адамга айланган. Атайын кызматта иштегендерге чоң жеңилдиктер менен артыкчылыктар берилип, алар үчүн өлкө боюнча соцобъектилер, кеңселер жана эс алуу базалары курулуп жатат. Укук бузган бизнесмендерге кылмыш жообунан кутулуп кетүү жолу пайда болгон — «кустуруу» деп аталган тажрыйба киргизилип, андан түшкөн кирешелер УКМКнын депозиттик эсеби аркылуу өтүп жатат.

2022-жылдан тартып парламент депутаттарына басым күчөгөн. Жада калса президенттин демилгелерин сындаганга эрки барган бирин-серин киши кызматынан жана наамдарынан ажыратылып, парламенттеги иш-бөлмөлөрүн куулуп, бизнестерин текшертүүгө чейин барып жатышат.

Президент өлкөнү жеке менчигиндей эле бийлеп калды. Жарандар менен депутаттар чет өлкөгө 19 тонна алтын сатылганын, сатылып кеткенден кийин билишти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычын референдум жана кеңири коомдук талкуу өткөрбөй эле Өзбекстанга өткөрүп берип коюшту. Сынчылар куугунтукталып, камалып жатат.

Садыр Жапаров башынан эле тартынбай-этпей жакындарына кызмат бөлүштүрүп келет. 2020-жылы тууганы Турусбек Түмөнбаев «Унаа» мамишканасынын жетекчилигине келген, ал эми кудасы Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынан башчысы болуп дайындалган. 2021-жылы журналисттер «Чыгыш электр» компаниясынан дагы президенттин жакындарын табышкан. 2022-жылы президенттин инисинин аялынын агасы Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынан төрагасы кызматына ээ болгон.

Президент мекендештери, жалпы эл жакыр жашаган шартта чардап жашаганын көрсөтүүдө: миңдеген долларлык кийимдер, жеке учак. Садыр Жапаров гардеробундагы кийим-кече кайдан келгенин ишенгидей кылып айтканга деле чамасы барбай, аларды белектер деп атап келет. Анткен менен жооптуу кызмат адамдарына бул сыяктуу «белектерди» берүү көптөгөн өлкөдө коррупция катары бааланмак.

Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевддин сын айткандарга жеке өзү жооп берген өнөрүн өздөштүрүп алды. Башында Фейсбукта пост жазып жүрчү, андан кийин, күн алыс болбосо да жума сайын мамлекеттик «Кабар» агенттигине маек кура баштаган. Негизи бул жаман эмес, бирок ошол эле кезде, президент каршылашым деп эсептеген адамдарын ачык эле коркутуп, оройлугун көрсөтүп келет.

2022-жыл Кыргызстанда сөз жана чогулуу эркиндигине ачык эле басым жасоо жылы болду. ЖМК, «фейктер» жөнүндө репрессивдүү жана адилетсиз мыйзамдар, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору Путиндин ушундай эле мыйзамдарынан дээрлик сөзмө сөз көчүрүп алынган. Өлкөдө коомдук иш-чараларга тыюу салынды. Башында буга ковид эпидемиясы, андан кийин жаңы Конституция колдонулган. Азыр болсо адамдарга жөн гана чогулууга мүмкүнчүлүк бербей калышты.

Орусиянын эң эле начар тажрыйбасын кайталоо уланып жатат: Жапаров менен Ташиевдин кол алдындагы күч кызматкерлери журналисттерге баңгизат сала койгондон, жолтоо болуп жаткан мекендештерин жарандыктан ажыратып, аларды өлкөдөн чыгарып салгандан артка кайткан жок.

Бул жерде Жаңы жылыңыздар менен деген кутууктоо болушу керек эле. Бирок абалга акыл калчап баам салуу, бийликти узурпациялоо, репрессиялар, экономика жана саясаттагы өз билемдик, жарандык эркиндикти басмырлоо 2023-жылы да уланарын айтып турат. Майлуу-сүттүү кызматка барган туугандар ого бетер көбөйөт, кирешелүү бизнестин өзү андан бетер монополизация болот. Ал эми бийликте тааныш-билиши жоктор адаттагыдай эле бөтөн эл, бөтөн жерден баар табууга аргасыз болот.