Бекешев жолбун жаныбарларды атууга тыюу салууну сунуштады

Парламент депутаты Дастан Бекешев жолбун жаныбарларды атууга тыюу салган, аларды милдеттүү түрдө стерилдөө жана эмдөө каралган мыйзам долбоорун сунуштады.

Депутаттын маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле өлкөнүн 17 шаарында 14 миңден ашык жолбун жаныбар өлтүрүлүп, ага 4,4 млн сом коротулган. 2021-жылы атылган жаныбарларын саны 29 миңден ашып, 7 млн сомдон ашык акча чыгымдалган. Атылган жаныбардын көбү Бишкек шаарына туура келет.

Ошол эле учурда, Бекешевдин айтымында, шаарлардын администрациялары жолбун иттердин саны көбөйүп жатканын айтышууда. Андан тышкары, депутат Улуттук илимдер академиясынын Биология институтутунун адисинин сөздөрүн келтирди, алар жолбун иттер менен күрөшүүнүн «эң эффективдүү жолу» милдеттүү стерилдөө жана эмдөө экенин айтышкан.

«Тажырыйба көрсөткөндөй, Кыргызстандын ири шаарларында жолбун иттерди атуу бир нече ондогон жылдар бою жүргүзүлүп келе жатат жана эч качан бул көйгөйдү чечкен эмес. Бул усул гумансыз эле эмес, ошондой эле натыйжасыз деп эсептелет! Жолбун жаныбарлардын бир бөлүгүн атканда, калган бөлүгүнө жагымдуу шарттар түзүлөт (тоюттанууда жана мейкиндикте атаандаштык жоюлат), натыйжада алар абдан тездик менен көбөйө башташат. Акыры жыйынтыгында кошумча каражаттар бекер эле коротулат, алар деле күткөн натыйжаларды бербейт», — дейт Илимдер академиясындагылар.

Мыйзам долбоорунун демилгечисинин айтымында, бюджетте жолбун иттерди атууга деп бөлүнгөн каражаттын суммасы өсүп, ал эми аларды милдеттүү түрдө стерилдөө жана эмдөөнүн суммасы азайып баратат.

«Келтирилген эсептөөлөргө ылайык, жылына 1000 итти стерилдөө үчүн 6,1 млн сом сарпталат, ал эми 10 000 итти стерилдөө жана эмдөө үчүн 22 млн сом керектелет. Мында, бул усулду пайдаланган учурда көзөмөлсүз жаныбарлар азаят жана убакыт өткөн сайын чыгымдар атуу усулун пайдаланган учурга караганда көбөйбөйт, азаюу үстүндө болот», — дейт Бекешев.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда жаныбарлардын бардык түрүн цирк жана зоопарктарда колдонууга тыюу салуу сунушталат. Ошондой эле Бекешев мышык жана иттин этин тамак-ашка кошуп жегенге мыйзам менен тыюу салууну сунуштап жатат.

Атуунун ордуна стерилдөө жана кастрация

2022-жылдын март айынан тартып Кант шаарында жолбун иттерди атуунун ордуна аларга чип тагып, эмдеп жана стерилдеп башташкан. Бул Брижит Бардонун жаныбарларды коргоо боюнча фондунун жардамы менен мүмкүн болгон. Долбоорго ылайык, шаарда жолбун иттер үчүн ветклиника жана кармоо пункту да курулмакчы.

Брижит Бардо фондунун өкүлү Брижит Олуа Кыргызстанга аларга Бишкек шаарынын тургундары иттерди атып өлтүрүп жаткан видеолорду жөнөтүп, бул маселени чечүүдө жардам сурашканы үчүн келгенин айткан.

Мындан тышкары, Бишкек мэриясынан Бардонун фонду менен биргеликте көчө жаныбарланын стерилдөө боюнча долбоор иштеп чыгууну убада кылышкан.

Университеттин аймагында жашаган иттерге студенттер тамак берүүдө / Сүрөт: «Манас» университети

ТЕМА БОЮНЧА: Жолбун ит-мышыктарды атып өлтүрүү менен маселе чечилбейт. Эмне үчүн?