Мас абалда унаа айдагандарды күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты

Жогорку Кеңеш мас абалда унаа башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Аталган долбоор парламенттин 29-декабрдагы жыйынында каралды.

ИИМдин «Жол коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү долбоорунда жол кырсыктарынын негизги үч себеби айтылат:

  • ылдамдыкты ашыруу (жогорулатуу);
  • алдында бараткан унааны ашып өтүү жана каршы тилкеге чыгуу;
  • унааны мас абалда башкаруу.

Мындан улам аталган үч эрежени бузгандарга карата жазаны күчөтүп, айдоочулук күбөлүктөн жарым жылдан кем эмес мөөнөткө ажыратууну сунуштаган.

Мисалы, унааны мас абалда башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн 3 жылга, ал эми унаа бейбаштыгы үчүн жарым жылга ажыратуу сунушталууда. Эгер айдоочу алкоголдук ичимдикти ичкен же ичпегенин текшерүүдөн баш тартса, анда жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат.

Мыйзам долбоорундагы айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча толукталган айрым нормалар:

  • Мас абалда, баңгизат же психотроптук зат колдонуп унааны башкарса айдоочулук күбөлүктөн үч жылга ажырайт. Эгер адам айдоочулук күбөлүктөн ажыраган соң кайра эле ушудай мыйзам бузса 10 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
  • Айдоочулук күбөлүк ала элек адамдар мас абалда кармалса үч күнгө камакка алынат.
  • Айдоочу мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартса унаа башкаруу укугунан беш жылга ажыратылат.
  • Айдоочу мас абалда, баңгизат же психотроптук зат колдонуп унаа менен кырсыкка кабылып, адамга материалдык зыян же ден соолугуна залал келтирсе, унааны башкаруу укугунан беш жылга ажырайт. Эгер күбөлүктөн ажыраган соң адам кайра эле ушундай мыйзам бузса унаа башкаруу укугунан өмүр бою ажыратылат.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 369 жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен төрт миңден ашык адам каза таап, дагы 49,6 миңи жабыркаган.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: 12 күндө мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталды

Мас абалда унаа башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн жарым жылга ажыратуу сунушталды