Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин жана Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын декларациясын жарыялады.

«Клооп» 2021-жылы азыркы депутаттардын кимиси көп каражат тапканын текшерип көрүүнү чечти жана топ-10ду түздү.

Бай делген депутаттардын кандай мүлкү бар?

Парламент депутаты Фарходбек Алимжанов биздин рейтингде 10-орунга чыкты. Ал 2021-жылы 4,3 млн сом — президент Садыр Жапаровго караганда төрт эсе көп киреше тапкан. Алимжановдун декларациясында кыймылсыз мүлк жана жер тилкеси жазылган эмес. Жакын туугандары жөнүндө деген графа бош калган.

Депутат Улугбек Ормонов андан бир аз көбүрөөк каражат иштеп тапкан — 4,9 млн сом. Ошондой эле ага капиталдык курулмалар (саны так көрсөтүлгөн эмес) жана эки жер тилкеси тиешелүү.

Эл өкүлүнун декларациясына ылайык, ошондой эле ал ресторандар менен Lexus унаасына ээлик кылат. Мындан тышкары Ормоновдун 450 миң сомдук жылкысы жана жалпы баасы 670 миң сомду түзгөн майда жандыктары бар.

Депутаттын жакын туугандары 2021-жылы 1 млн 220 миң сом иштеп табышкан. Алардын карамагында үй, капиталдык курулуш жана шаар четинде жер тилкеси бар. Ошондой эле 369 миң сомду тузгөн кыймылдуу мүлк жана автоунаа бар.

12 млн 394 миң сом киреше тапкан депутат Жамиля Исаеванын декралациясында кыймылсыз мүлк көрсөтүлгөн эмес. Бирок, 340 миң сомдук жылкылары жана жалып суммасы 480 миң сом болгон бодо малы бар экенин көрсөткөн.

2021-жылы 18 млн сом иштеп тапкан депутат Данияр Төлөновдун, декларацияга ылайык, кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси жок. Анткен менен анын жалпы суммасы 415 миң сомго жеткен ири жана майда мүйүздүү малы, ошондой эле 700 миң сомдук жылкысы бар. Анын туугандары 2021-жылы 7 млн 167 миң сом тапкан жана алардын батирлери бар.

19,7 млн сом иштеп тапкан депутат Жаныбек Абировдун декларациясына ылайык, эки батир, эки турак үй жана Lexus 570 үлгүсүндөгү эки автоунаасы бар. Муну менен катар 12 жер тилкеге ээлик кылат.

Мындан тышкары, Абировдун 22,9 млн сомго бааланган ири мүйүздүү малы жана 14,2 млн сом болгон жылкысы бар. Анын туугандары 2021-жылы 3 млн 825 миң сом иштеп табышкан жана жер тилкеси менен шаар сыртында участокторго ээлик кылат.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун декларациясында ал 31,8 млн сом тапканы жана сегиз жер тилкеси бар экени көрсөтүлгөн. Эл өкүлү ошондой эле эки үйгө, 30 млн сомдук ири мүйүздүү малга жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат.

Андай тышкары, Коргонбай уулу дүң сатуу менен алектенген «КейДЖи Восток сервис» курулуш компаниясынын 49% акциясына жана «Жус-Бек компани» компаниясынын 25%ына ээлик кылат. Ошондой эле ал «Көк-Жатык» компаниясына ээлик кылат.

Бул компаниялардын ар биринин «негиздөөчүсү» деген графасында «Мармара стоун» фирмасына ишеним башкарууга тапшырылганы жазылган. «Мармара стоун» курулуш таштарын кайра иштетүүгө адистешкен фирма.

Депутаттын туугандарынын үйлөрү бар.

Депутат Алишер Козуевдин декларациясында 37 млн 349 миң сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Ага жер тилкелери, үч жеңил автоунаа, алардын арасында BMW X7 жана кичирээк жүк ташыган унаалар көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, депутаттын 2,2 млн сомго ири мүйүздүү жана майда жандыгы бар. 5 млн сомго бааланган жылкылары менен 1,5 млн сомго бааланган үй канаттуулары бар.

Буга кошумча Козуев декларациясында 49 млн 780 миң сомду түзгөн «кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрунө ээлик кылат».

Депутаттын жакын туугандары 2021-жылы 7,7 млн сом иштеп табышкан, Батир, гараж, Toyota Highlander жана Lexus GX 470 үлгүсүндөгү жеңил унаага ошондой эле, Freightliner Century жана MAN жүк ташуучу унааларына ээлик кылат.

Мындан тышкары, Козуевдин туугандарынын 2,5 млн сомго бааланган зер бумдары бар. Ошондой эле алар «Хан Строй» курулуш компаниясына ээлик кылышат.

ТО-10дцн үчүнчү сабына жылдык кирешеси 50 млн сомду түзгөн депутат Айбек Осмонов жайгашты. Анын декларациясында административдик имараттарга, жер тилкелерине жана Mini Cooper унаасына ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарындай эле Осмонов да мал чарбасынан алыс эмес. Анын 25 млн сомго бааланган жылкылары, ошондой эле 7 млн сомдук ири жана майда жандыгы бар. Аткаминердин жакындарынын жер тилкелери, батирлери, гаражы жана Lexus унаасы бар.

Депутат Бакыт Тентишев декларацияга ылайык, 36,6 млн сом киреше тапкан жана батирлерге жана жер тилкелерине ээлик кылат. Ошондой эле анын менчигинде Mercedes E220 үлгүсүндөгү эки унаасы бар. Тентишевдин туугандары 2021-жылы 663 миң сом иштеп табышкан жана жеке менчик төрт үйгө ээлик кылышат.

Топтун сап башына 105 млн сомдук кирешеси менен депутат Жылдыз Садырбаева жазылды. Декларацияга ылайык, ал төрт батир, эки турак-үй, бизнес үчүн жана дача үйлөрү бар.

Мыймылсыз мүлктөн тышкары, Садырбаеванын төрт жер тилкеси бар. Ошондой эле депутат «Фармамир» компаниясына жана Range Rover унаасына ээлик кылат.

Ошону менен катар декларацияда Садырбаеванын туугандары эмнеге ээлик кылаары көрсөтүлгөн эмес. Бирок 2021-жылы алар 8 млн 354 миң сом иштеп табышкан.