УКМК Жалал-Абад облусунун үч тургунун баңгизат сатууга шектеп кармады

УКМКнын Оштогу башкармалыгы Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы үч тургунун 5 килограммдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган деп шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан 4-январда маалымдашты.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ош шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап, тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алды.

УКМКдан учурда кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында баңгизат таратууга жана аткезчиликке шектелген Тажикстандын эки жараны кармалган. Алардын бири Тажикстандын милиция кызматкери болуп чыккан. Шектүүлөр Казакстанга жөнөтүү үчүн Кыргызстанга 11 килограмм апийим жана 21 килограмм нашаа алып өтүүнү пландашкан.

Автору: Айпери Акылбек кызы

Тема боюнча:

УКМК баңгизат даярдоого шектеп Ош ШИИБдин эки кызматкерин кармады