Эмгек кодексине аралыктан иштөөнү жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилди

11-январда Эмгек кодексине аралыктан иштөөнү жөнгө салган өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинен билдиришти.

Ведомстводон аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салууга багытталган эмгек мыйзамындагы жаңы ченемдер 2020-жылы эле иштелип чыккан. Алардын айтымында, азыркы эмгек мыйзамдары аралыктан иштөөнү жетишерлик деңгээлде жөнгө салчу эмес.

Эл аралык ишкерлер кеңешинен эми аралыктан иштеген кызматкердин иш орду көрсөтүлбөй калганын, ал эми жетекчи менен кызматкердин ортосундагы кызматташтык маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен ишке ашырыларын айтышты.

«Эмгек келишими электрондук кол тамга (электрондук эмгек келишими) менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлө турган ченемдин киргизилип жатканы маанилүү. Бул өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал сыяктуу мамлекет тарабынан киргизилген чектөөчү чаралар учурунда жумушчуларды жалдоону гана эмес, кыймылы чектелген адамдарды, жетүүгө кыйын аймактардын тургундарын, фрилансерлерди жумушка алууну да жеңилдетет», — деп түшүндүрдү ведомствонун башчысы Аскар Сыдыков.

«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга Эмгек жана соцөнүгүү министрлиги 2022-жылдын январында чыгарган.

Документте ведомство Эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштаган. Документтин маалымкат-негиздемесинде эмгек рыногунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканы, мыйзам долбоору [аралыкта иштеген] жумушчулар менен «юридикалык мамилени бекитип алуу» үчүн иштелип чыкканы айтылган.

«Санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн натыйжасында салттуу жумуштуулуктун көлөмү кыскарууда, бул анын жаңы формаларынын пайда болушуна алып келүүдө (фриланс, өз алдынча иш, аралыкта жумуш ж.б.). Ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаал ага аралыкта иштөөнү киргизүү менен эмгек келишиминин актуалдуулугун жогорулатты», — деп белгиленген документте.

Аралыктагы деп кандай жумуш эсептелет?

Мыйзам долбоорунда аралыктан иштөө деп кызматкердин жумуш берүүчү жайгашкан жерде болбой аткарган иши эсептелет. Ошол эле учурда ал иштөө жана жумуш берүүчү менен байланышта болуп туруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуга тийиш.

Мыйзам долбоору эмнени сунуштап жатат?

Эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизүүдөн тышкары, мыйзам долбоору кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишимин күбөлөндүрүлгөн электрондук кол тамга коюу менен электрондук документ түрүндө түзүүнү сунуш кылат.

«Электрондук эмгек келишимин түзүү расмий эмгек мамилелерин каттоонун тездигин жогорулатат. Бул аралыктан ишке орношууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет: издөөчү башка аймактан иш берүүчүнү тандай алат, аралыкта маектешүүдөн өтөт жана эмгек келишимин түзө алат», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Ошол эле кезде Эмгек министрлигинен «аралыктагы» кызматкерлерге эмгек мыйзамдарында каралган бардык социалдык-эмгек кепилдиктери берилет деп белгилешти.

Анда Эмгек кодексинин жалпы нормалары, анын ичинде эмгек акынын төлүнүшү, жумуш жана эс алуунун убактылары, кепилдик, кенемте жана башкалар толук колдонулат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Минкаб Эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады