Минкаб Эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Анда ведомство эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштап жатат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде эмгек рыногунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканы, мыйзам долбоору [аралыкта иштеген] жумушчулар менен «юридикалык мамилени бекитип алуу» үчүн иштелип чыкканы айтылат.

«Санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн натыйжасында салттуу жумуштуулуктун көлөмү кыскарууда, бул анын жаңы формаларынын пайда болушуна алып келүүдө (фриланс, өз алдынча иш, аралыкта жумуш ж.б.). Ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаал ага аралыкта иштөөнү киргизүү менен эмгек келишиминин актуалдуулугун жогорулатты», — деп айтылат документте.

Аралыктагы деп кандай жумуш эсептелет?

Мыйзам долбоорунда аралыктан иштөө деп кызматкердин жумуш берүүчү жайгашкан жерде болбой аткарган иши эсептелет. Ошол эле учурда ал иштөө жана жумуш берүүчү менен байланышта болуп туруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуга тийиш.

Мыйзам долбоору эмненини сунуштап жатат?

Эмгек кодексине «аралыктан иштөө» түшүнүгүнктү киргизүүдөн тышкары, мыйзам долбоору кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишимин күбөлөндүрүлгөн электрондук кол тамга коюу менен электрондук документ түрүндө түзүүнү сунуш кылат.

«Электрондук эмгек келишимин түзүү расмий эмгек мамилелерин каттоонун тездигин жогорулатат. Бул аралыктан ишке орношууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет: издөөчү башка аймактан иш берүүчүнү тандай алат, аралыкта маектешүүдөн өтөт жана эмгек келишимин түзө алат», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Эмгек министрлигинен «аралыктагы» кызматкерлерге эмгек мыйзамдарында каралган бардык социалдык-эмгек кепилдиктери берилет деп белгилешти.

Анда Эмгек кодексинин жалпы нормалары, анын ичинде эмгек акынын төлүнүшү, жумуш жана эс алуунун убактылары, кепилдик, кенемте жана башкалар толук колдонулат.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт: Yasmina H / unsplash.com