Салык кызматы товардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшере турган тиркемени ишке киргизди

Иллюстративдик сүрөт: Kaktus.Media

Салык кызматы товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген «Текшер» мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу 17-январда мекемеден билдиришти.

Тиркеменин жардамы менен товардын алдындагы кодду сканерлеп, товар тууралуу толук маалымат алууга болот. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузууларга же сапатсыз товарга туш болгондо түздөн-түз тиркеме аркылуу арыз менен кайрыла аласыз. Салык органынын кызматкерлери тийиштүү текшерүү иш-чараларын жүргүзүшөт.

Аны менен катар арыз менен кайрылган жарандар тиркемеден кайрылуу кайсыл этапта экенине көз салып, ошондой эле көзөмөл чараларынын жыйынтыгы менен тааныша алышат.

«Текшерди» Google Play же App Store’дон teksher деп издеп, телефонуңузга жүктөп алсаңыз болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү санариптик маркирлөө киргизилет — МСК