Депутат Абиров: Бийлик ИИМ академиясынын курсанты каза тапкан аварияга реакция кылышы керек

Депутат Жаныбек Абиров парламенттин 18-январдагы жыйынында бийлик ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан каза тапкан аварияга реакциясын билдириши керектигин айтты.

«9-январда Бишкек шаарында Айза Улан деген карындашыбызды коюп кетип. ал каза болду. Анан азыркы учурда коюп кеткен жигит качып кетип, жашырынып, кармалгандан кийин Свердлов райондук соту үй камакка бошотуп койду. Менин оюмча бул туура эмес. Ошол жардам берип, реакция кылбасак болбойт. 19-жаштагы карындашыбыз ИИМ академиясында окуп жүрүптүр, эми өлүп калды, үй-бүлөсү ыйлап жатат, тигил жигит болсо үйдө отурат, эч нерсе сезген жок», — деди Абиров.

Мындан тышкары, 17-январда каза тапкан кыздын туугандары соттун өз билемдигине жол бербөө үчүн президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

«Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын кабыл алуу жетиштүү жагдайлар бар, бирок мыйзамдын өкүлү укук жана жалпы эле сот адилеттигинин ченемдерин көз жаздымда калтырды. Исаев буга чейин да ушундай кылып келгенин белгилеп коюу керек. Биз дагы бир жолу ушундай сот преценти болуп кетишине жол бербөөнү суранабыз», — деп айтышты маркумдун туугандары.

Алар окуяны «соттук башаламандык» катары баалап, президенттен бул ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранышты.

«Айза АКШ, Италиядан билим алып келген. Каргашалуу окуя болгондо ИИМ академиясынын студенти болчу, өлкөдөгү кылмыштуулук жана адилетсиздик менен күрөшүүнү кыялданып жүрчү. Бирок жоопкерчиликсиз айдоочунун айынан 24 жашында кыялына жетпей калды. Айзанын жакындары сизден жардам сурайт, урматтуу Садыр Нургожоевич! Айзанын өлүмү үчүн күнөөлүү адамды адилеттүү түрдө жазага тартууну, ал эми тергөөчү судья Исаева Айзаданын кызмат ордун адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кайра карап чыгууну суранабыз», — деп кайрылышты президентке Айзанын туугандары.

ИИМ академиясында окуган курсант кыз каза тапкан жол кырсыгы Бишкекте 9-январда болгон. Айдоочу аны жолдон өтүп бараткан жерден өлтүрө коюп кеткен. Андан кийин окуя болгон жерден изин суутуп, милициядан үч күн жашырынып жүргөн, бирок ал видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен колго түшүрүлгөн.

Кийин Свердлов райондук сотунан шектүү 2016-жылдан бери гемодиализде, бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу, бөйрөгүнүн өнөкөт кемтиги бар экени тууралуу медициналык документтерди көрсөткөндүктөн үй камагына чыгарылганын билдиришкен.

«Аталган оорулар оор илдеттердин тизмесине кирет жана камакта кармоого болбойт», — деп билдиришкен соттон.