ИИМ академиясынын курсантын өлтүрө коюп кеткен киши үй камагына чыкты

Бишкекте 9-январь күнү айдоочу ИИМ академиясынын 24 жаштагы курсантын өлтүрө коюп кеткен. Башында айдоочу кармалып, бирок кийин калаанын Свердлов райондук соту аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу 2016-жылдан бери гемодиализде, бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу, бөйрөгүнүн өнөкөт кемтиги бар экени тууралуу медициналык документтерди көрсөткөндүктөн бошотулган.

«Аталган оорулар оор илдеттердин тизмесине кирет жана камакта кармоого болбойт», — деп билдиришти соттон.

Жол кырсыгы 9-январда болгон. Айдоочу курсант кызды Республиканская көчөсүнөн жолдон өтүп баратканда коюп кеткен. Айдоочу андан кийин окуя болгон жерден изин суутуп кетип, милициядан үч күн жашырынып жүргөн, бирок ал видеокөзөмөл камералары аркылуу табылып, кармалган.