Кара-Балта: Милиция 7 жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду

Милиция Жайыл районундагы ооруканада каза болгон 7 жашар кыздын өлүмү боюнча «Жардам кѳрсѳтпѳй коюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Клоопко» 18-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Учурда кылмыш иши боюнча баардык укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз», — деп билдиришти милициядан.

7 жаштагы секелек 14-январдын кечинде Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө «бронхопневмония, дем алуу кемтиги, ичеги тосугу, сепсис, септикалык шок, жаңы аныкталган кант диабети» деген алдын ала коюлган диагноз менен түшкөн. «Интенсивдүү терапия көрсөтүлгөнүнө карабастан» кыз 15-январда каза болгону айтылган.

Буга чейин Жайыл райондук ооруканасынын жетекчиси Айнура Имашева журналисттерге «каза болгон кыз аз тамактануудан улам арыктаган, организмине суу жетишпеген, өтө оор абалда келип түшкөнүн» айтып берген. Ал кыз жети жашта болгонуна карабай салмагы болгону 12 килограмм болгонун, жети жашар кыздын салмагы кеминде 15 килограмм болушу керектигин белгилеген.

«Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда», — деп билдирген Имашева.

Ал эми Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев 24.kg басылмасына комментарий берип, «кыздын ата-энеси соцтармактарда туура эмес маалымат тараганына нааразы болгонун» айтты.

«Кыздын ата-энеси өлүмдүн себеби боюнча такталбаган маалыматтар тараганына нааразы болушууда. Апасынын айтымында, кызы ара төрөлүп, ден соолугу начар болгон. Үй-бүлө мүчөлөрү сасык тумоо менен ооруп, ооруканага кайрылган эмес. Жубайлардын жашоо-тиричилиги канааттандырарлык. Зарыл болгон кийим-кече, тамак-аш менен камсыз болуп турушат», — деп түшүндүрдү ал.

Аким Орусияда миграцияда жүргөн кыздын ата-энеси Кыргызстанга учуп келгенин кошумчалады.