Милиция ачкадан каза болду деген 7 жашар кыздын окуясы боюнча текшерүү баштады

Милиция Жайыл районундагы ооруканадан каза болгон 7 жашар кыздын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 14-январь күнү кечинде Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө «бронхопневмония, дем алуу кемтиги» деп алдын ала коюлган диагноз менен жети жашар кыз түшкөн.

«Жандандыруу бөлүмүндө жатканда, интенсивдүү терапия көрсөтүлгөнүнө карабастан кыз 2023-жылдын 15-январында саат 10:05 чамасында көз жумган», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Буга чейин Жайыл райондук ооруканасынын жетекчиси Айнура Имашева журналисттерге каза болгон кыз аз тамактануудан улам арыктаган, организмине суу жетишпеген, өтө оор абалда келип түшкөнүн айтып берген. Анын айтымында, кыз жети жашта экенине карабай салмагы болгону 12 килограмм болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин ченемине ылайык, жети жашар кыздын салмагы кеминде 15 килограмм болушу керек.

«Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда», — деп билдирген Имашева.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Кара-Балта шаардык мэриясынан 24.kg’ге кыздын үй-бүлөсү Жайыл райондук социалдык коргоо жана эмгек башкармалыгында көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турганын билдиришкен.

Алардын маалыматына ылайык, үй-бүлөгө декабрда мэриядан көмүр жана 50 кг ун алууга 5 миң сом берилген. Үй-бүлөгө балдар үчүн кийим-кече да сунушталган, бирок кыздын апасы андан баш тартып койгон.