Кыйноого каршы коалиция. Иллюстративдик сүрөт: Анна Гапликова

2021-жылдын ноябрында үч айылдашы тарабынан зордукталганын айтып кайрылган 46 жаштагы киши иш төрт жолу өндүрүштөн кыскартылганына нааразы. Ал эми Башкы прокуратура 18-январда «Клоопко» аталган иштин «курамында кылмыш жок» экенин билдирди.

Жабырлануучунун бир тууган эжеси «Азаттык» үналгысына маек берип, өзүнөн 10-12 жаш кичүү эркектердин ыдыгына кабылган иниси өлкө башчыга, УКМКнын төрагасына чейин кайрылганына карабастан жыйынтык болбой келе жатканына нааразы экенин айтып берди.

Дисклеймер: Бул материалда сексуалдык зордуктоонун чоо-жайы чагылдырылган. Эгерде бул сизге жагымсыз сезимдерди тартууласа, макаланы окуудан баш тартканыңыз оң.

«Эми кантип жашайм…»

Эжесинин айтымында, аталган окуя 2021-жылдын ноябрында — жабырлануучунун туулган күнүндө болуп өткөн. Иниси күндүзү бир топ адам менен ичип, кечинде курдашы менен эч ким жашабаган эски үйүнө барып түнөгөн.

«Булар жаңы эле жатканда сырттан күндүз чогуу ичкен дагы үч кошуна балдар кирип келип, “экөөңөр соо эмессиңер” деп шылдыңдашыптыр. Иним “оозуңа карап сүйлө” деп, анан дагы бир-эки сөз айтса керек. Тигилер “муну сүйлөй албай турган кылып коёлу” деп, жамынып жаткан ичик тонду башына ороп, колу-бутун кармап зордукташыптыр. Иним эсин жоготуп коюптур», — деди ал.

Анын айтымында, инисинин шериги жардамга келбей, уктамыш болуп койгон. Эсине келгенде эч ким жок экенин, денеси ооруганын кийин ага иниси өзү айтып берген.

Ал ошол күнү үйдө иштеген уста келип, инисинин кийимдеринин кан-аралаш экенин, окуя болгон жерди көрүп, эмне болгонун сураганда «эч нерсе болгон жок, кете бер» деп эшикти жаап алганын айтат.

«Ошол боюнча үч күн үйдөн чыкпай камалып жатпайбы... Сиңдим чалса “мен өлөм, ушундай жаман иш болду, эми кантип жашайм” деп айтыптыр. Мен шыр эле “милицияга арыз жазсын” дедим. Ошентип, 18-ноябрда арыз жазган экен. Алар мунун арызын кабыл алып койбой, ар кайсы суроону берип, түнкү 11ге чейин кармаптыр», — дейт жабырлануучунун эжеси.

Анын айтымында, алар экспертизанын жыйынтыгын «эки-үч ай күтүшкөн, ал арада милиция тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлбөй, көңүл кош мамиле көрсөтүлгөн».

Айым инисинин мектепти толук аяктабагына байланыштуу милиция кызматкерлери «анын сабатсыздыгынан пайдаланып, берген көрсөтмөлөрүн бурмалашкан деген ойдо экенин» белгилейт.

«Аз жерден акылдан айныган адам кылып коё жаздашты»

Жабырлануучунун иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгы Нарын шаардык бюродо ошол эле жылы 22-ноябрда чыккан. Анда «көтөн чучугунда жаракат пайда болгону жана кан агуулар бар экени» аныкталган.

Ал эми окуяга күбө катары көрсөтүлгөн төрт адамдын окуя болду делген күнү кийген кийимдеринен шектүү так аныкталган эмес. Жабырлануучу тарап буга нааразы болуп, 2022-жылы февралда Бишкек шаарындагы соттук-медициналык экспертизадан кайра текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылган.

Анын корутундусуна караганда, кийим жана ич кийимдерден канга аралаш эркек адамдын урук суюктугунун тактары аныкталганы жазылган. Ушундай эле тактар жабырлануучунун шымынан да табылганы белгилүү болгон. Бирок ага карабай иш башка нукта өнүгө баштаган.

«Биз кайра-кайра прокуратурага кайрылып жүрүп, Бишкектеги республикалык экспертизага жибердик. Ал ортодо инимди Бишкектеги республикалык психиатриялык диспансерде кароодон өткөрүшүп, аз жерден акылдан айныган адам кылып коё жаздашты. Багыбызга орус дарыгерлер туш келип, инимдин акыл-эси соо деген корутунду чыгарып беришти», — деп билдирди аял.

Жабырлануучу тараптын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын алардын пайдасына чыккан корутундусу февралда эле даяр болгонуна карабастан аны жашырып, Нарын шаардык прокуратурасы шектүү тараптын өтүнүчү менен жаңыдан комиссиялык экспертиза дайындаган.

Үчүнчү жолу өткөрүлгөн комиссиялык экспертизада жабырлануучунун дагы, ишке күбө катары саналгандардын дагы кийимдеринен жана ич кийимдеринен ишке байланыштуу тактар аныкталган эмес.

Ал эми жабырлануучунун көтөн чучугундагы жаракаттар өнөкөт геморрой илдетинен улам болгону жазылган. Аталган комиссиялык экспертиза окуя болгондон дээрлик жети айдан кийин — тагыраагы, 12-майда башталып, 2-июнда жыйынтыкталган.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Башкы прокуратурадан «Клоопко» Нарын облусунун тургуну үч кошунасы тарабынан өзүнүн үйүндө зордукталганын айтып, милицияга 2021-жылдын ноябрында арыз менен кайрылганын билдиришти.

Бул факты боюнча «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок 2022-жылдын 29-июнунда Нарын ОИИБи «жосунда кылмыш курамы болбогонуна» байланыштуу ишти токтотуу жөнүндө токтом чыгарган.

Ошол эле жылы 7-майда Нарын облустук прокуратурасы тарабынан өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом жокко чыгарылып, кылмыш иши кошумча тергөө үчүн прокуратурага жөнөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин комплекстүү соттук-медициналык экспертизасы жабырлануучунун спорттук кийиминде кан жана шектүүлөрдүн бел суусун тапкан эмес. Мындан улам 2022-жылдын 5-августунда кылмыш иши кайрадан кыскартылган.

Аны менен катар аталган иш боюнча соттук-медициналык экспертизаны туура эмес жүргүзүп, «кийим жана ич кийимдерден канга аралаш эркек адамдын урук суюктугунун тактары аныкталган» деп калп жыйынтык чыгарганы үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эки экспертине 2022-жылдын 10-августунда кылмыш иши козголгон.

Алар «Жалган көрсөтмөлөр, эксперттин корутундусу же туура эмес котормо» беренесинин негизинде айыпталып жатат. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Төрт кошунасы зордуктаганын айткан кишинин иши. Милициянын аракетин Башкы прокуратура иликтейт