Төрт кошунасы зордуктаганын айткан кишинин иши. Милициянын аракетин Башкы прокуратура иликтейт

Анна Гапликованын иллюстрациясы. Кыйноого каршы коалиция.

Өткөн жылы төрт кошунасы зордуктап кеткени тууралуу арыз жазган киши милиция кызматкерлери аны шылдыңга алып, шектүүлөр тарапта болуп жатканын айтып чыкты. Башкы прокуратура «Клоопко» жабырлануучунун дооматы боюнча ички иликтөө башталганын билдирди.

Жабырлануучу эмне дейт?

2021-жылдын ноябрында Нарын облусунун тургуну төрт кошунасы зордуктап кеткенин айтып милицияга арыз менен кайрылган. Бул боюнча Нарын ОИИБи «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кийинчерээк жабырлануучу Kaktus.Media басылмасына укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөргө жардам берип, аны шылдыңга алып жатканын айтып берди.

«Арыз жазганда деле кайра шылдыңдап, ар кайсы сөздөрдү айтты да. Жиниң келет, ал жакта кайра өздөрү шылдыңдап. Тигилерди кармап келгенде эле [милиция кызматкерлери] “ха-ха тээп” эле залда жүрүштү. Шок абалда кыйналып эле жүрдүм. Шылдыңдаганда мен ишенбей калдым», — деди ал.

Жабырлануучу Нарын облусунун эксперттери биринчи соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын таза деп чыгарып бергенин белгиледи. Андан соң далилдерди Бишкекке жибергенде, кийимдерден шектүүлөрдүн бел суусу табылганын айтты. Жабырлануучу шектүүлөр эксперттерди «сатып алган» деп эсептейт.

Ошондой эле ал Нарындагы прокуратурага, ИИМге, УКМК жана президентке дейре кайрылганын айтып, «эч кандай жыйынтык жок» деп белгиледи.

Милиция жана Башкы прокуратура эмне дейт?

Нарын облустук милициясы иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин гана белгилеп, «Клооптун» журналистинин башка суроолоруна жооп берген жок.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жабырлануучунун адвокаты аларга арыз менен кайрылганын билдирип, экспертизанын жыйынтыгында карама-каршылыктар болгондуктан, иш 14-июлда Нарын облустук прокуратурасына өткөрүлгөнүн тастыктады.

«Эксперттердин кыймыл-аракетине укуктук баа берүү жана комплекстүү экспертиза дайындоо үчүн кылмыш иши Нарын шаарынын прокуратурасына тапшырылып, кылмыш иши боюнча комплекстүү экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдарын улантылууда», — деп ишендиришти Башкы прокуратурадан.

Көзөмөл органдан жабырлануучунун милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу айткан дооматтары боюнча материалдар текшерүү жүргүзүү үчүн Ички иликтөө кызматына жиберилгенин кошумчалашты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Нарын облусунда үстүбүздөгү жылдын алты айында зордук-зомбулуктун 132 учуру катталган. Алардын 64ү физикалык зомбулук болсо, 68и психологиялык зомбулук. Ал эми зомбулукту алдын алууда тийиштүү иштерди жүргүзбөгөнү үчүн акимдин орун басарлары 10 миң сомдон айыпка жыгылган.

Кыргызстандагы зордук-зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Статистикалык комитеттин маалыматын караганда 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча жалпы 613 киши соттолуп, жаза аткаруу мекемелерине камалган. Алардын 610у эркектер болсо, үчөө гана аялдар.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан окуялар катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштеринин жыйынтыгы айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат