Акылбек Жапаров Улуттук банкта 40 тоннадан ашуун «таза алтын» бар экенин айтты. Чын эле ошондойбу?

2022-жылы «Кумтөр» алтын кенинде 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

«2021-жылы “Кумтөрдөн” 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17,2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда, Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», — деди ал.

Өкмөт башчысы тоо-кен иштетүү тармагынан бюджетке жалпы 48,3 млрд сом түшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Улуттук банкта 40 тонна алтын сакталып турганын айткан. Бирок ал алтындын бул көлөмү бир жыл ичинде чогулган деген болчу.

«Таза алтын»

Акылбек Жапаров айтып жаткан «таза алтын» деген эмне экени түшүнүксүз болуп атат. Жаратылышта химиялык таза алтын дээрлик кездешпейт. Балким өкмөт башчысы тазалоонун максималдык даражасын айтып жаткандыр (24 карат же 999 үлгү).

Улуттук банктын терминологиясында алтындын резерви же запасы тууралуу сөз болгондо башка туюндурмалар колдонулат. Металл түрүндөгү алтын — ал монетардык жана монетардык эмес деп бөлүнөт. Экинчиси — металл эмес же виртуалдык — буга дүйнөлүк биржалардагы алтындын баасына байланган банктагы эсептер кирет.

Терминдердеги чаржайыттык Улуттук банктагы алтын резервдеринин айланасындагы жагдайды ого бетер чаташтырууда.

2022-жылдын ноябрында Садыр Жапаров Улуттук банк бир жылдын ичинде 40 тонна алтын топтогонун — бул «болуп көрбөгөндөй өсүш» деп айткан. Анда «Клооп» Башкы банктан бул көлөмдүн (37,8 тонна) канчасы металл түрүндө, канчасы металл эмес түрдө экенин тактап айтууну суранган. Бирок, Улуттук банк бул суроого түз жооп берүүдөн качкан.

«Эгер биз Улуттук банктагы жалпы көлөмү 37,8 тонна алтын боюнча айтып жатсак, бул суроонун жообу айдан ачык — айтылып жаткан 37,8 тоннага бардык металл алтындар кирет», — деп билдиришкен Башкы банктан.

Ошондой эле Башкы банктан бизге 2022-жылдын октябрь айынын аягына карата Улуттук Банктагы алтындын жалпы көлөмү 37,751 тоннаны түзгөнүн, анын ичинде: монетардык алтын — 13,081 тонна, алтын кору — 23,772 тонна жана монетардык эмес алтын — 0,898 тонна экенин билдиришкен.

Муну менен Улуттук банк президент айткан алтын бар экенин тастыктаган, бирок алар кайсыл убакыт аралыгында чогулганын тактаган эмес. 2022-жылы «Кумтөр» кенинен 17,2 тонна алтын өндүрүлдү деп Акылбек Жапаров айтып жаткан факт дагы эч нерсени түшүндүрбөйт, себеби Кумтөрдөн тышкары Кыргызстанда ар кандай көлөмдөгү дагы 10дон ашык алтын кени бар.

Сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүү үчүн айрым терминдерди билип алуу маанилүү.

Монетардык алтын — бул Лондондун түстүү металлдар биржасынын (LBMA) стандарттарына жооп берген мамлекеттин тыйын жана куйма түрүндө сакталган баалуу металлдар кору.

Монетардык эмес алтын — бул коммерциялык банктар товар катары саткан алтын. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул Лондон биржасынын талаптарына жооп бербеген алтын куймалары.

«Алтын кору» болуп, Улуттук банктын маалыматына ылайык, LBMA'нын стандарттарына жооп берген алтын куймалары да эсептелет. Мындан тышкары, «Акчабар» Улуттук банкка таянып түшүндүргөндөй, алтын корлору да — чет элдик банктардын эсебиндеги баалуу металлдар болуп саналат.

«Чет элдик банктардагы эсептер» — маанилүү тактоо. Буга чейин жогоруда айтылгандай, улуттук банктар өздөрүнүн алтын корунун (активдерин) бир бөлүгүн «металлдык эсептер» деп аталган эсептерде сактай алышат — адатта бул батыш мамлекеттериндеги ири банктардын эсептери. Бул колго кармалган эмес, виртуалдык алтын: эсептеги акчанын суммасы баалуу металлдардын дүйнөлүк бааларына байланган жана ал анын биржалык котировкасына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.

Демек, Жапаровдор менен Улуттук банк айтып жаткан 37,8 тонна алтындын кайсыл бир айтылбаган бөлүгү — виртуалдуу түрдө бар — деген бүтүм чыгарсак болот. Ал «таза» алтынбы-жокпу — теоретикалык суроо.