Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт

17-январда Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 15 күндө жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган алты учур катталып, төрөт бөлүмү дезинфекцияга жабылды.

Ал эми оорукананын жетекчиси Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. «Клооп» ата-энелердин, оорукананын жетекчисинин жана министрликтин пикирин угуп көрдү.

Ата-энелер эмне дейт?

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын тургуну Бегимай Ырысбаеванын наристеси тогуз күндөн кийин чарчап калган. Ал ымыркайлардын өлүмү «дарыгерлерлерден улам болгон» деп эсептейт.

«Дарыгерлер эч нерсени ачык айтышкан жок. “Бала жакшы, жакшы болуп кетет” деп туруп алышты. Биз дары-дармектерин алып келип жаттык. Балким алдын ала айтса, башка чараларды көрмөкпүз. Демек, булар инфекция жуктуруп алышкан дагы “айыктырабыз” деген ой менен ошончо күн балдарды [реанимацияда] кармашкан», — деди ал.

Ырысбаева көз жарганга чейин оорубаганын, кош бойлуу кезде тапшырган анализдерди таза чыкканын белгиледи.

«Макул мен баланы көтөрүп жүргөндө оорудум дейин, жалгыз эле менин балам ошондой болушу керек болчу да. Эмне үчүн алтообуздун балабыз чарчап калат, же алты киши тең ошондой оору менен ооруптурбу? Айрымдары “эч нерсе болгон эмесмин, жада калса сасык тумоо болгон эмесмин” деп айтып жатат. Энесинин жанында бир күн соонун эле эмчек эмип жаткан бала тогуз күндүн ичинде реанимацияда чарчап калды», — деди ал.

Ырасбаева бөйрөк оорусунан улам биринчи баласы да ай-күнүнө жетпей төрөлүп, чарчап калганын кошумчалады. Ал экинчи баласын пландап, алдын ала текшерүүдөн өтүп, күтүп жүрүп төрөгөнүн билдирди.

Жети-Өгүз районунун Турсунай аттуу тургуну дарыгерлер анын ымыркайы «сепсистен» улам чарчап калганын айтышканын белгиледи. Бирок ал инфекция «ооруканадан жуккан» деп эсептейт.

«Сепсис дешти. Сенин эле балаңдан эмес, беш баладан чыгып атат бул оору дешти. [...] Ооруканадан эле жукту деп эле ойлоп атабыз. Себеби, бир маалда ошончо киши бирдей оору менен ооруп калбайбыз да. Бул жактагы чоңдору төрөтканада инфекция бар экенин айдан ачык эле билишет экен. Убагы менен чыгат экен, балдар чарчап кала баштаганда жууп-тазалап, кайра эле иштей беришет экен», — деди ал.

Мирбек Сагынбаев эмне дейт?

Кызматынан убактылуу бошотулган оорукананын жетекчиси Мирбек Сагынбаев «Клоопко» маек куруп, ымыркайлардын чарчап калганын балдардын ара төрөлгөнү жана энелердин ден соолугунун начардыгы менен түшүндүрдү.

«Үч бала эрте төрөлгөн. Бир ымыркайдын энесинин оорусу көп экен, инфекция бар экен. Бир айым жогору, 39 градус температурасы менен келиптир. Ар кандай немелери бар экен да. [Энелер] алсыз болуп жатпайбы. [Ымыркайлар] төрөгөндөн кийин эле дем ала албай, температура болуп, саргарып кеткен да», — деди ал.

Ошондой эле Сагынбаев ооруканда төрөт үчүн бардык шарттар бар экенин белгилеп, дарыгерлер айымдарга өз учурунда жардам көрсөтүшкөнүн айтты.

Ал оорукананы дезинфекцияга жабылганын алдын алуу максаты менен түшүндүрдү.

«Балким инфекция болуп калдыбы деп ошондой кылдык. Биринчи анализдин жыйынтыгында эч кандай инфекция чыккан жок. Кайрадан анализ тапшырдык, ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Саламаттык сактоо министрлиги облустук ооруканада ымыркайлардын чарчап калганын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмү аныктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай чарчап калган алтынчы учур 15-январда катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги азыркы тапта перинатология боюнча алдыңкы адистерден турган комиссия бул боюнча бардык жагдайларды талдап жатышканын белгиледи.

«Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Чечим кабыл алынса бардык жагдай тууралуу маалымат беребиз», — деди «Клоопко» саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

Ал эми облустук ооруканадагы кош бойлуу айымдар Ак-Суу райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөтүлдү. Министрликтен алар керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен толук камсыздалганын кошумчалашты.

Ымыркайлардын өлүмү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы 15 жылда ымыркайлардын өлүмү 40%га кыскарган. Ага карабай азырынча өлкөдө жаңы төрөлгөн балдардын чарчап калышы жогору бойдон калууда.

Өлкөдө жыл сайын орто эсеп менен 2000ден ашуун ымыркай 1 айга жетпей чарчап калат. Ал эми ымыркай өлүк төрөлгөн 1400дөн ашуун учур катталат.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, ымыркайлардын чарчап калуусунун негизги себеби — эненин кош бойлуу кезиндеги айрым бир абалдар. 2020-жылы бул категорияга бардык өлүм менен аяктаган окуялардын жарымынан көбү кирди.

Ымыркайлар курсакта жакшы өрчүбөй калгандыктан жана дем алуу органдарынын ооруларынан чарчап калышат. Айрым учурларда наристенин көз жумушуна сепсис же ара төрөлүү себеп болот.

Тема боюнча:

«Менин көп күттүргөн наристем». Кыргызстанда жылына эки миңден ашуун ымыркай чарчап калат