«Бул жерге жыргаганынан келишпейт». 17 жылдан бери таштанды иргеген Тажикандын окуясы

Таштанды полигону ачылгандан бери анын тегерегинде жаңы конуштар пайда болду. Алардын айрымдарынын тургундары үчүн шаардык таштанды жайы каражат табуунун жалгыз булагына айланды.

Move Green уюмунун экоактивисттери Алтын-Казык жаңы конушунун 63 жаштагы тургуну Тажикандын окуясын айтып беришти. Ал 17 жылдан бери таштандыны иргөө менен алектенип келет.

Ал күнүгө таңдан кечке чейин таштанды чогултуп, аны иргейт. Тажикан желим, бөтөлкө, айнектин сыныктарын, макулатура жанан желим баштыктарды алуучуларга тапшырат.

Тажикандын айтымында, бул жака ал Баткен облусунан беш баласынын өлүмүнөн кийин көчүп келген.

«Эки уул бир кызым калды […] Бизде кыргыздарда өлүм басырындысы болсун, журт которгула дегенде анан бул жака келе бергенбиз», — дейт ал.

Тажикан полигондо жолдошу менен чогуу иштечү, бирок ал инсульт алгандан кийин, өзүнүн колундагы травмага карабастан эки киши үчүн иштөөгө аргасыз. Колун аял полиогондо жүрүп кокустатып алган.

Аял полигондогу зыяндуу түтүнгө карабастан бул жерде жаштар дагы иштегенин көрүп, зээни кейий турганын айтат.

«Бул жерге жыргаганынан келишпейт да», — деп белгилейт Тажикан.

Тажикандын башка жерге көчүп кетүү планы бар, ал үчүн жер дагы алып койгон. Бирок үйдү курганга азырынча акчасы жок. Тажикан өзүмдүн чарбам болсо деп, абасы таза конушта жашоону кыялданат.

Дагы окуңуз : «Жылы бою түтүн каптап турат». Бишкекте таштанды полигонуна каршы митинг өттү

Таштанды талаасы үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын Коопсуздук кеңеши иликтей турган болду