«Жылы бою түтүн каптап турат». Бишкекте таштанды полигонуна каршы митинг өттү

Бишкек шаарындагы таштанды полигонуна жакын аймакта жашаган тургундар 10-октябрда митингге чыгышты. 70ке чукул киши таштанды өрттөөнү токтотуп, полигонду адамдар жашаган аймактан алыс жылдырууну талап кылышты.

Нааразычылыкка чыккан менен Бишкектин вице-мэри Нурлан Орунтаев жолукту.

Ал мэрия полигондогу таштандыны өрттөөнү токтотууга аракет кылабыз деп убада берди. Андан тышкары, анын айтымында, бир жылдын ичинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп бүтүшү керек.

Орунтаев ошондой эле, митингге чыккандарга полигонго жакын конуштарда жашаган тургундардан турган элдик комиссия түзүүнү сунуштады. Вице-мэр аталган комиссиянын мүчөлөрү менен полигон боюнча иш алып барууну убадалады.

Жергиликтүү тургундар таштанды полигонунун районундагы жол, светофор жана электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөрдү да айтышты. Вице-мэр бул маселелер да чечилет деп ишендирди.

Таштанды полигону үчүн шаар мэриясы жооптуу, калаа бийлиги полигондун аймагын иретке келтирүүнү бир нече ирет убада кылган. 2019-жылы Жогорку Кеңеш «Бишкек боюнча Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун ратификациялаган. Долбоорго ылайык, учурдагы таштанды төгүүчү жай рекультивацияланып, таштанды иргөөчү завод курулат.

2020-жылы рекультативация долбоору коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган, ал эми 2022-жылдын мартында Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы таштанды иргөөчү завод курууга тендер жарыялаганы белгилүү болгон.

Завод ЕРӨБ Бишкектеги таштандыга байланыштуу абалды жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 2014-жылда эле бөлгөн каражатка курулмакчы. Ал убакта буга жалпы 22 млн евро бөлүнгөн.

Ал арада, таштанды полигонунда жаңы санитардык полигондун курулушуна жана таштандынын рекультативациясына жооптуу эстониялык компания ишин улантууда.

Тема боюнча окуңуз:

Видео: Активисттер таштанды полигонуна жакын жашаган балдарга чыгармачыл аянт уюштурушту