Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев 2021-жылдын мартында Ташкендеги жолугушууда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

26-январда Бишкекке мамлекеттик сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келет. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча чуулгандуу макулдашууга эки өлкөнүн башчылары кол коюп, чекит коюлушу мүмкүн. Документтин протоколу дале ачыктала элек, ал эми каршы чыккандар ТИЗОдо отурат.

Өзбекстандык саясий эмигрант, Erkin O’zbekiston кыймылынын негиздөөчүсү Хасанбой Бурханов Кемпир-Абад боюнча шашылыш кабыл алынган макулдашууну Борбор Азиянын Орусия менен жаңы коррупциялык-авторитардык союзунун түзүлүшүнө байланыштуу деп эсептейт. Ал Кыргызстандын бийлиги четке кагып жаткан суу сактагычтын жанындагы курорттук аймактын долбоору жөнүндө айтып берди.

Хасанбой Бурханов 1990-жылдары Фергана өрөөнүндө биринчилерден болуп компьютер жана программалык камсыздоо ташып келе баштагандардан. Ал өзү да майыптыгы бар болгондуктан, Өзбекстандагы майыптар коомунун Ташкен шаардык бөлүмүн түптөп, башында турган. 2019-жылы «Өзбекстандын майыптар коомдук фондун» негиздеген.

Бурханов чиновниктер мамлекеттик программалардын алкагында коомдук уюмдар аркылуу бюджеттик акчаларды кымырып жатканын билип калып, коррупция менен күрөшө баштаган. Мындан көп өтпөй ага кылмыш иши козголгон. 2012-жылы, чуулгандуу болуп, шантаж жана коркутуулар менен коштолуп, үч жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин Өзбекстандан чыгып кетип, бир жылдан кийин Германиядан саясий башпаанек алган.

2016-жылы Бурханов оппозициялык ишмердикке өткөн. 2019-жылы Өзбекстанда светтик демократиялык социалдык-укуктук мамлекет куруу максаты менен Erkin O’zbekiston («Эркин Өзбекстан») кыймылын негиздеген. Учурда анын кыймылынын соцтүйүнүндөгү барагына 80 миңге жакын адам катталган, ал эми Бурханов өзү тарапташтарынын жалпы саны 1 млн адамга жетет дейт.

— Хасанбой, кандай ойдосуз, Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө эмне мынча шашты? Эмнеге дал ушул учурду тандашты?

— Бир тарабынан, бул саясий кадам. Региондогу өлкөлөрдүн президенттери эмне деп айтпасын, ушул тапта Борбор Азияда Орусия менен кайра биригүү, союздаш мамлекет түзүү жүрүп жатат деп эсептейм. Бул союзду түзүүнүн алкагында чырлуу аймактар жана өз ара түшүнбөстүктөр болбошу үчүн бардык маселелерге чекит коюу максатында, өзбек тарап бул окуяларды көбүртүп жатат.

Ал эми Ташиев менен Жапаровдун дагы бир максаты бар болчу. Алар нааразылыктарды басуу үчүн атайылап чырды ырбатышкан. Анткени, мындай жагдайды коомчулук жутуп койсо — демек бул Кыргызстанда мындан ары демократия болбойт деген белги. Ким эмне дебесин, кантсе да Кыргызстан Борбордук Азияда демократиянын символу болчу. Эми адамдар үчүн клептократиялык бийликке каршы бир нерсе деп айтуу оор болуп калды. Ал эми эки өлкөдө тең бийлик — клептократиялык [өкүм сүрүүдө].

Негизи эле, де-юре суу сактагыч Өзбекстандын карамагына өттү. Өлкө макулдашууну ратификациялаган, Кыргызстан дагы. Бийликтин атаандаштары кармалган, сот отурумдары уланууда, эми коомчулукту ойготуу мүмкүн болбой калды деп ойлойм. Абал өтө эле тыкыр көзөмөлгө алынган.

–Сиздин оюңузча, Жапаров менен Ташиев Кыргызстандагы демократияны жок кылууга шылтоо табуу үчүн суу сактагычты өткөрүп берүүнү тездеттиби?

– Ал үчүн гана эмес, дагы бир маанилүү жагдай бар. Ташкендеги Чарвак суу сактагычы тууралуу уксаңыздар керек? «Өзбекстандын Швейцариясы» деп аташат. Ал жерде табият укмуш кооз, абасы таза. Мирзиёев президенттикке келгенден кийин, бул жер анын үй-бүлөсүнө өткөн. Андагы менчик үйлөр, дачалар сүрдүрүлүп, заманбап курорттор салынган. Андагы баалар өтө кымбат, капчыкка туура келбейт. Бирок бул эс алуу жайы байлар үчүн гана.

Хасанбой Бурханов, Erkin O’zbekiston кыймылынын негиздөөчүсү. Сүрөттү бурханов өздүк архивинен берди
Чарвак суу сактагычы Кемпир-Абадга окшош. Сүрөт:TripAdvisor
Чарвак курорттук аймагындагы жаңы абъектилердин бири. Сүрөт: TripAdvisor

Так эле ушундай курорттук аймак Андижан суу сактагычынын (Кемпир-Абадды Өзбекстан ушундай атайт — ред.) айланасына да куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын ЖМКнан жана бул кырдаал менен жакындан тааныш болгон адамдардын өздөрүнөн уккам.

— Ноябрда, Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялап жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга Өзбекстандын суу сактагычтын айланасына туристтик борбор куруу ниети жок, бул болгону чагымчылардын ушагы деп айтып ишендирген*.

*«Мен сүйлөшкөм, жеке өзүм, [...] эч кандай өзбек [тараптын] ошол жерди туристтик борбор же башка нерсе кылайын деген ниети жок. Аларга жерди сугарыш үчүн гана суу керек, ошол максатта колдонот, буйруса», — деген Ташиев анда.

— Бул ушак эмес. 2018-жылы Өзбекстан өзүнүн 18 суу сактагычын экотуризм үчүн ачкан. Ишкердик субъектилер жана инвесторлор суу сактагычтын айланасынан жерлерди узак мөөнөткө ижарага алып, ал жерлерге курортторду, жолдорду куруп, суу сактагычтарга экотурларды уюштурууга укук алышкан.

Ошол эле учурда, тизмеге көңүл буруу керек: биринчи этапта Андижан, Жизах, Кашкадарья, Наманган, Самаркан, Сурхандарья, Ташкен жана Фергана облустарында жайгашкан суу сактагычтар ачылган. Ал эми Андижан облусунда Кемпир-Абаддан башка суу сактагыч жок. Өзбекстандын расмий документтеринде бул суу сактагыч Андижан суу сактагычы деп аталат.

— Башкача айтканда, суу сактагычтын 900-горизонталдагы чек арасынын баары Өзбекстандын аймагына карап калган соң, ал жерде курорт салууга эч ким жолтоо боло албайт. Мен туура эле түшүндүмбү?

— Ооба, бул пландарын эбактан бери эле айтып келишет. Мисалы, 2019-жылдын майында Kun.uz порталы Анжижан облустук туризм башкармалыгынын жардамы менен суу сактагычка барып, репортаж чыгарган. Репортаждын авторлору ошондо эле башкармалыктын кызматкерине таянып, суу сактагычтын айрым бир бөлүгү дүйнөлүк деңгээлдеги экотуризм аймагы болорун жазышкан. Аны курууга чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор тартылары, алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да белгиленген.

2019-жылдын 13-августунда президент Шавкат Мирзиёев «Туризм тармагын анда ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлыкта Каракалпакстандагы Муйнак аймагынан Ханабадга чейин «Өзбекстандын туристтик магистралы» транспорттук коридорун ачуу жөнүндө сөз болгон. Ханабад — Андижан облусундагы* суу сактагычка эң эле жакын жайгашкан шаар (Google Maps боюнча шаардан Кемпир-Абаддын жээгине чейин 8-9 км жол — ред.).

«Ханабад» санаторийи. Келечектеги Khanabad Wellness Resort туристтик аймагынын бир бөлүгү. Сүрөт: Өзбекстандын президентинин сайты

— Бул туристтик аймак кандай болору айтылып жатабы?

Айрым бир деталдары белгилүү. 2019-жылдын декабрында Muslim.uz эл аралык курорттук аймактын борбору Ханабад болот деп билдирген. Анда Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахманов, француздар Ханабаддан суу сактагычка чейин асма жол куруу үчүн 55 млн доллар салууга даяр деп айткан. Ал эми азербайжандыктар ижарага бериле турган же менчикке сатыла турган 800 коттежди курууга 30 млн доллар салууда. Ал эми кытайлар жаңы жол менен жүрө турган электромобилдерди алып келишет.

2020-жылдын майында президент Шавкат Мирзиёев Ханабадда Khanabad Wellness Resort туристтик аймагынын долбоорун расмий ачкан. Ал эми 2022-жылдын октябрында (Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча талаштар күчөп жатканда— ред.) Андижанда эл аралык Hanabad Wellness Resort аталыштагы экофорум өткөн. Аны Кыргызстандан барган делегация да көрүп келген.

Мирзиёев 2020-жылдын 26-ноябрында Андижан облусундагы Life Khonobod инвестициялык жана туристтик долбоорун жүзөгө ашыруу тууралуу токтомго кол койгон.

— Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундарына мурдагыдай эле сууну колдоносуңар деген убада беришкен. Бирок аларга суу сактагычтын астындагы [суу тартылгандан кийин] күрүч эгиле турган жер да керек. Эгер аталган аймак курорттук зонага айланса, жергиликтүү калк негизги киреше булагынан ажырап калат.

— Ооба, көптөгөн үй-бүлөлөр көчүүгө мажбур болушат, алардын тынч жашоосу бузулат. Ал жерде масштабдуу иштер жүргүзүлөт, айрым кишилерди башка жакка көчүрүүгө туура келет. Айрымдар өз ыктыяры менен, айрымдары мажбурлоо менен көчүшү мүмкүн. Суу сактагычтын берилишине каршы чыккан, кыжырданган кыргызстандыктар деле кол куушуруп отурушпаса керек.

— Сиз Кемпир-Абад суу сактагычында, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара сызыгы өткөн аймакта болдуңуз беле?

— Албетте. Мен Наманган облусунан болом, Фергана өрөөнүн жакшы билем.

Өзбекстан менен макулдашууну сындап жаткандар Кемпир-Абаддын ордуна коңшу өлкөдөн алынган жерлердин бир бөлүгү ансыз деле Кыргызстанга караштуу болчу деп жатышат.

— Өзбекстанда деле документтерди эч ким көргөн эмес, ал жакта бийлик элдин пикирин сурабай калган, «ушундай болду» деп фактыны гана айтат. Ошентсе да, Өзбестандын блогерлик тармагында деле бул алмашууну пайдасыз деп жатышат. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жөнүндө макулдашууга ылайык, Кыргызстан 19.7 миң гектар түшүмдүү жерлерге ээ болду. Ордуна Өзбекстан Андижан (Кемпир-Абад) суу сактагычынын алдынан 4,5 миң гектар жер алды. Эми ушуну калыс алмашуу десе болобу? Биз андай деп ойлобойбуз.

Негизи эле, жагымсыз абал жаралды. Мен өзүм билген маалыматтын баарын ачыктаганга даяр эмесмин, бирок эки өлкөнүн тең саясатчыларын алмашууну тездеткиле деп тыштан шаштыруу болгонуна көзүм жетет. Аларды буга Кремль түрткүлөдү.

Кемпир-Ааддын суу толгон жерлери. Сүрөт: «Клооп»

— Чын эле ушундай деп ойлойсузбу?

— Ооба. Эрктүүлүк менен, Өзбекстан менен Кыргызстандын, Тажикстан менен Кыргызстандын жана башка республикалар арасында түшүнбөстүктөр болбошу үчүн баардык маселелерге чекит коюлуп жатат. Азыркы тапта жаңы «союздук мамлекеттердин» чек арасын аныктоо иштери жүрүп жатат.

«Путиндин союздук мамлекетинин кайра жаралуусу»

— Жаңы союз түзүү аракетинин белгилерин эмнеден көрүп турасыз? Токаевдин Путин менен мамилеси суук селки, «Донецк Эл республикасын», «Луганск Эл республикасын» тааныган жок, согушту согуш деп атап жатат. Астана Орусияга батыштын санкцияларынан буйтап өтүүгө жардам бербейбиз деп убадалады. Мирзиёев Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитине келбей койду. Ташкент Казакстан менен эки тараптуу аскердик-саясий союз түзүлөрүн, ага Орусияны кошуп үч тараптуу союзга айлантуу максаты жоктугун билдирди.

— Негизи Өзбекстан Путиндин үч жактуу газ союзун түзүү сунушуна каршы болгон жок. Reuters бул тууралуу маалымат бергенде Өзбекстандын энергетика министринин сөздөрүн туура эмес интерпретациялап койду. Бул мирзиёевчил бийлик үчүн пайдалуу келишим, себеби сөз бир гана орус газын Өзбекстанга алып келүү тууралуу болуп жаткан жок. Бул [алып келинген] газды андан ары Ооганстан, Пакистан жана Индияга экспорттоо планынын бир бөлүгү.

ЕАЭБдин саммитине атайы келбей койгон жок: премьер-министр Абдулла Арипов Бишкекте Орусия менен кызматташуу тууралуу көп жолу айтып, бул жааттагы жетишкендиктерди да санап өткөн. Былтыр Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы товар алмашуу 2021-жылга салыштырмалуу 40%га өскөн. Ал эми орусиялык ишкерлер менен биргелешип ачылган ишканалардын саны 900гө жакындаган. Бул болгону расмий статистика, расмий эмес сандар мындан эселеп көп болушу мүмкүн. Постсоветтик өлкөлөрдө көмүскө экономика өлкөлөр менен жарышып өсүп жатканы эч кимге сыр деле эмес.

Орусия Өзбекстандын негизги стратегиялык өнөктөшү, Шавкат Мирзиёев өзү да так эле ушинтип айтып жүрөт.

Касым-Жомарт Токаевдин позициясы дагы бир жактуу эмес. 2014-жылы Крымды аннексиялоону аннексия деп атаган эмес. Январда орус аскерлери Казакстанга киргизилди, [Токаевге бийлигин сактап калууга жардам беришти]. КМШнын Петербурдагы бейформал саммитинде, Путин кесиптештерине «шакек салганда», Токаев алар дос, өнөктөш экенин жана кызматташуу уланарын так айткан. Казакстандын аба мейкиндиги Орусиянын Украинага каршы согушунда колдонулуп жаткан жүктөрдү ташыган учактар үчүн ачык бойдон калууда. Мындан тышкары, Токаев Казакстанда орус тили жайылтыларын дагы жарыялаган.

Erkin O’zbekiston орус тилине каршы эмес. Мен, өзүм дагы Венада өткөн ЕККУнун жыйынында айрым өлкөлөр орус тилин жерип жатканына каршы сөз сүйлөдүм [...] Бирок Мирзиёевдин келиши менен, өзбек тилин жайылтуу экинчи планга жылып, орус тилинин сүрөмөлөө биринчи планга чыкты. Ушул эле нерсе учурда Тажикстанда байкалууда. Бул туура эмес.

— Сиздин айтымыңызда, Орусия менен газ союзун түзүү Борбор Азиянын элитасы үчүн гана пайдалуу. Бирок Орусия газ жеткирүүнүн акысына Өзбекстан менен Казакстандан газ түйүндөрүн «Газпромго» сатып жана газды Кытайга сатууга укук берүүсүн талап кылып жатат. Буга Казакстан жок деп жооп берди.

— Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын легитимдүү президенти болгондон кийин, экономиканын эң кирешелүү тармактары, анын ичинде өлкөнүн мунайгаз тармагы орусиялык олигархтардын, башкача айтканда путиндик бийликтин көзөмөлүнө өтө баштады. Өзбекстандын энергетика тармагындагы ири долбоордордун көпчүлүгү Орусиянын «Газпромбанкы» — «Газпром» башкарган Enter Engineering Pte Ltd жана ERIELL тобу жеке бизнес түзүмдөр аркылуу башкарылууда. Орусиянын Өзбекстандын газ жеткирүү системасына көзөмөл кылуу каалоосу, Путиндин союздук мамлекетинин кайра жаралуусунун биринчи этабы болуп эсептелет.

— Өзбекстан Орусиядан оолактаган жокпу? Көптөн бери эле Москванын интеграциялык биримдиктеринен этияттанып келет го. ЖККУнун курамынан эки жолу чыгып, ЕАЭБге кирүү тууралуу көпкө ойлонгон. Азыр болсо, согуштун жана санкциялардын шартында, Ташкен андагы кадамы туура экенине ынанып, сүйүнүп жаткандыр?

— Буга чейин [Ислам Каримовдун тушунда] Өзбекстан чыны менен эле оолак болчу. Бирок Шавкат Мирзиёев — орусиячыл саясатчы, Орусиянын сүрөмөлөөсү ага дайыма көмөктөшүп келди. Анын үстүнөн да кара булут айланган (Каримовдун убагында Мирзиёев Жизак жана Самаркан облустарынын акими болуп иштеген, ал эми 2003-2016-жылдары Өзбекстандын премьер-министри болгон — ред.) учурлар болду, керек болсо аны камап коюшмак. Бирок ага бийликте турганда да эркиндикте болушуна жардам беришти.

— Орусиячыл сүрөмөчүлөр — алар кимдер? Аттарын атай аласызбы?

— Биринчиси — бул албетте, орусиялык миллиардер [Владимир Путинге жакын] Алишер Усманов. Мирзиёевдин аялынын жээни Усмановдун жээни Бабурга турмушка чыккан. Усманов Өзбекстанда бүтүндөй бир бизнес-империя түптөгөн, бул империя аркылуу Кремль көптөгөн маанилүү маселелерди чечет.

Экинчиси — Салим Абдувалиев. 2011-жылы Wikileaks ачыктаган маалыматта, АКШнын мурдагы элчиси Жон Пурнелл аны мамлекеттик кызматтарды соодалаган «өзбек мафиясынын боссу» деп атаган. Көптөгөн меселелер азыр деле бейформал ошол киши аркылуу чечилет. Анын үйүнө жашырынып этпей эле оруссиялык телешоулардын жылдыздары, сенаторлор, авторитеттер барып турат. Алар бокал көтөрүп, СССРди кайра жандантуу жөнүндө тост айтышат.

Кримтөбөл атыккан Сергей Михайлов (Михась) Салим Абдувалиев жана Орусиянын Өзбекстан менен достугу үчүн тост көтөрүп жатат

Үчүнчү фигура — кримтөбөл Гафур Рахимов. Ага АКШ санкция салган, ал тургай Мамдепартаменттин сайтында ага издөө жарыяланганы жөнүндө билдирүү бар. Рахимов аркылуу Кремль көптөгөн, анын ичинде өлкө сыртындагы маселелерин чечип турган. Мисалы, Рахимов Азиянын Олимпиадалык кеңешинин вице-президенти болуп турган кезинде Орусияга 2013-жылдагы кышкы Олимпиаданы Сочиде өткөрүү укугун утуп алууга жардам берген.

Анан албетте, Алимжан Тохтахунов (Тайванчик), таасирдүү орусиялык авторитет. Ал дагы Кошмо Штаттардын санкциясында, аны колго түшүрүү үчүн 4 млн доллар сый акы убадаланган. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери ал Өзбекстанга бат-бат каттай баштаган. Анын бийлик менен Лес-Вегас сыяктуу кумар оюз-зоок зонасын куруу келишими бар.

Дагы эки маанилүү фигура бар. Ал казак-орус-бельгиялык олигарх Фаттах Шодиев (Алишер Усмановдун Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтундагы группалашы — ред.) жана [Өзбекстандын] Самарканд облусунда туулган, орусиялык миллиардер Искандар Махмудов. Булардын баары баары Өзбекстандын саясатына таасир этишет, анын ичинде, экономика секторунда өтө ири көлөмдө менчиктештирип, ага инвестиция тартуу аркылуу дагы.

Андан тышкары, Мирзиёевди жердеши, КМШнын башкы катчысы жана Орусиянын тышкы чалгындоо кызматынын мурдагы директору Сергей Лебедев коруп келген. Экөө тең Жизах облусунан.

«Бишкектин бийлиги өзбек элинин үндөбөй жатканына эрдемсип турат»

– Өзбекстандын суу сактагычтарынын айланасындагы курорттук аймактарга кайтсак. Президент Мирзиёевге жакын делген олигархтардын кимиси куруп жатат жана ал жердеги кыймылсыз мүлккө кимдер ээлик кылат?

— Бүгүнкү күнү Өзбекстанда реалдуу эки гана ири туристтик комплекс курулган — бул «Чарвак» эркин туристтик аймагы менен Ташкен облусунун Бустанлык районундагы Амирсой тоо-лыжа комплекси. Бул кымбат курорттордо Мирзиёевдин үй-бүлөсүн таандык, активдерин күйөө балдары Ойбек Турсунов менен Отабек Умаровдун* ишенимдүү адамдары башкарат.

*«Клооп» бул сөздөрдү ачык булактардан тастыктай алган жок

Чарвактагы виллалардын бири, ээси белгисиз. Сүрөт: Яндекс-Карта

Ойбек Турсунов — Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын күйөөсү, өтө таасирдүү адам. Анын атасы Батыр Турсунов, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары, мындай айтканда, бардык күч түзүмдөрүн тескейт. Ойбек өзү Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен дос. Ал Каримовдун тушунда, ага кылмыш иши козголот деп турганда Орусияда жашынып, Кадыровдун* кишилеринин кайтаруусунда жүргөнүн билем.

*«Клооп» бул сөздөрдү ачык булактардан тастыктай алган жок

Айтмакчы, Рамзан Кадыров Өзбекстан менен бала чагынан эле байланышы бар. Ичкериянын болочок муфтийи жана Чеченстандын президенти Ахмат Кадыров Бухаранын «Мир-Араб» медресесинде жана Ташкендеги ислам институтунда чогу окушкан. Ал күмөндүү муфтий жана Борбор Азия менен Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф менен жакшы тааныш болгон.

Мирзиёев бийликке келгенде Рамзан Кадыров Өзбекстанга бат-баттан келип, өлкөгө инвестиция сала баштаган.

Рамзан Кадыров жана Ойбек Турсунов, 2017-жыл. 

— Ошондо, Кемпир-Абаддын жанындагы курорттук аймак эмне болду? Ал жерде кимдердин бизнес кызыкчылыгы бар?

— Менин маалыматым боюнча, долбоордун артында Салим Абдувалиевдин адамдары турат. Анын атасы кыргыз, бул ага кыргыз тарап менен байланышууда жардам берет. УКМК 2015-2016-жылдары Абдувалиевдин адамдары Кыргызстанда ошол кездеги оппозиция менен жолугуп, аны колдоону талкуулашканын каңкуулаган. Баса, ал жерде Камчыбек Ташиевдин дагы аты айтылган.

Азыр француздар менен азербайжандыктардын ал жердеги жалпы инвестициясы 70-80 млн доллар деп бааланат. Ушул эле инвесторлор Чарвактагы комплекстин курулушуна катышышкан, андан былтыр 100 млн доллар киреше алуу пландалган. Жапаров менен Ташиев Кемпир-Абаддагы аймактан 10-15% алып турса деле жакшы болуп атпайбы.

Бул окуяда чырмалган нерселер көп — коррупция, саясат, анын ичинде глобалдык масштабдагы саясат дагы бар. Албетте, Кемпир-Абаддын айланасындагы толкундоолор Жапаровду да, Мирзиёевди да аз-маз чочутуп койду. Бирок Бишкектин бийлиги репрессиядан жүрөгү калган өзбек элинин үндөбөй жатканына эрдемсип, үлгү алсак болот дегенсип турат. Бүгүн биз күбө болуп турган Кыргызстандагы демократиянын карааны узап баратканы, жарандык коомдун укуктарынын кыскарганы, Борбор Азия мамлекеттериндеги репрессиялар, акыр аягы бүтүндөй регионго Чечнянын кейпин кийгизиши мүмкүн. Буга жол берилбеши керек!

Тема боюнча окуңуз: