Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келгендиктен борбор калаадагы мектептер онлайн окууга өттү. Бул тууралуу «Клоопко» 26-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январда экинчи сменде окуган окуучулар онлайн окуйт. Ал эми 27-январда биринчи жана экинчи сменде окуган окуучулар онлайн-форматта окушат.
Аны менен катар мекемеден, Бишкектеги Ош базары дагы жабылганын кабарлашты.
Ошондой эле милициянын кайгуул кызматынан «Клоопко» 26-27-январь күндөрү төмөнкү жолдор жабык болорун айтышты:
- Фучик көчөсү Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси, Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
- Манас, Ч.Айтматов проспекти, Чүй проспектинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;
Мэрия жана милициянын кайгуул кызматы чечим Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында кабыл алынганын белгилешти.
Тема боюнча:
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев акыры Кыргызстанга келмей болду