Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев акыры Кыргызстанга келмей болду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келери анык болду. Бул тууралуу 24-январда Садыр Жапаровдун администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Буга чейин Мирзиёев бул күндөрү келбей турганы айтылып, сапардын датасы белгисиз экени кабарланган.

Азымбакиевдин айтымында, сапардын алкагында Мирзиёев менен Жапаровдун сүйлөшүүлөрү пландалган.

«Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деди ал.

Ошондой эле өзбек президентинин Кыргызстанга болгон сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөрү айтылды.

Мирзиеёвдин Кыргызстанга келери эбак эле айтылып, бирок кайра-кайра жылдырылып келген. Октябрдын аягында Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жылганы маалым болгон. Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары декабрь айында да күтүлгөн, анда ал ЕАЭБдин Бишкекте өткөн саммитке катышышы керек болчу. Бирок саммитке бир күн калганда Мирзиёев бул иш-чарага келбеси белгилүү болгон.

Анда кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын мамлекеттик сапарын жылдыруу телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашылганын билдирген. Ал учурда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча документтерге кол коюлуп калган эле.

Кыргызстанда аталган суу сактагычты Өзбекстанга берүү ызы-чуу менен коштолду. Бийлик буга каршы болуп сындаган активист жана саясатчыларды массалык түрдө камады. Жер-жерлерде суу сактагычтын берилишине каршы митингдер өткөнүнө карабай, депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алып, эки өлкөнүн президенттери ага кол коюшту. Ушул тапта да Кемпир-Абадды коргоп, бийликти сындаган 30га чукул активист жана саясатчылар камакта жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мирзиёев 26-январда Бишкекке келбейт. Азырынча анын Кыргызстанга келе турган күнү белгисиз

Мирзиёев ЕАЭБдин саммитине келбейт, бирок декабрь ичи мамлекеттик сапары менен келип кетет