Бишкекте 1-февралдан тартып таштанды чыгаруунун тарифи көтөрүлөт

1-февралдан тарта Бишкектин тургундары таштанды чыгаруу үчүн жаңы тариф боюнча төлөй башташат. Тарифти көтөрүү жөнүндөгү чечимди 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алды.

Тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу киши башына 22,5 сомдон 41сомго жогорулайт. Пенсионерлер үчүн киши башына 6 сомдон 22,5 сомго көтөрүлөт.

Чарба субъекттери үчүн жаңы тариф бир метр кубу үчүн 361 сомду түзөт, учурдагы тариф боюнча ал 225 сом болчу.

Шаар мэри таштанды үчүн тарифтердин жогорулашына байланыштуу комментарий берип шаар эми тазараак болот деп ишендирди. Анын айтымында, борбор калаанын тарифи өлкө боюнча эң эле төмөнү.

Шаардыктар буга чейин таштанды челектери толуп калып, коммуналдык кызматтар жакшы иштебей жатат деп далай даттанышкан.