Эки жашар наристени сабоого шектелип кармалган аял. Сүрөт интернеттен алынды.

Кадажайдагы эки жашар наристенин энеси тарабынан сабалышы боюнча окуянын жаңы жагдайлары ачыкталды. Шектүүнүн айтымында, күйөөсү төрт ай мурда атасы менен инисин атып өлтүргөндөрдү кечиресиң деген талап менен баланы сабады деп милицияга арыз жазган. Ал эми күйөөсү муну четке кагууда. Ал «Клоопко» курган маегинде, үй-бүлөдөгү чыр чатактардан тажап, бир ай мурда үйүнөн кетип калганын айтып, бир гана максаты — кызын татыктуу тарбиялоо экенин билдирди.

Узап бараткан аптада соцтармактарга белгисиз аял жаңы баскан кызды сабап жаткан видео тараган. Анда аял ыйлаган наристени бетке чаап, кыйкырып жатат. Көп өтпөй, 31-январь күнү Баткен облустук милициясы видеодогу аял кармалып, эки суткага камакка алынганын маалымдаган.

Милициянын маалыматына караганда, укук коргоо органдарына 27-январь күнү видеодогу наристенин атасы арыз менен кайрылган. Арыз ээси жарандык никедеги аялы 5-январь күнү экөөнүн ортосундагы эки жашар кызды уруп, видеого тартып, WhatsApp аркылуу жибергенин айткан.

Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалашкан. Ал эми 1-февраль күнү райондук сот шектүүнү бир айга ТИЗОго киргизүү чечимин

кабыл алган. Ал эми жашы жете элек үч баласын мамлекет камкордукка алып, үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган.

Шектүүнүн жакындары камакка алууну өтө оор жаза деп айтып, нааразы болушууда. Ал эми сабалган кыздын атасы «Клоопко» маек куруп, «чүрпөсүнүн келечегине тынчыздангандыктан аялынын үстүнөн арыз жазууга аргасыз болгонун» айтты.

Бир үй-бүлөдөн эки адам көз жумган окуянын шоокуму

Соттун чечиминен кийин шектүү келиндин апасы «АкиПресс» басылмасына арыз жазган күйөө баласы мурдатан эле кызганычтан улам чыр чыгарып келгенин, ал эми кызы төрт ай мурда атасы менен инисинен айрылып, «стрессте жүргөнүн» айтып берген.

Ал эми шектүү келин милициянын коштоосунда баратып, кызынын бетинде көгала болбогонун, камакка алынганына күйөөсү себепкер экенин айтууга үлгүргөн. Анын айтымында, жолдошу атасы менен инисин өлтүргөндөрдү кечирип, «тосмо арыз жазып берүүнү» талап кылып жатат.

«Клооптун» журналисттери баланы урду деп шектелген аялдын таекеси Мавлян Айдаровго байланышып, «тосмо арыз жазуу талабынын» чоо-жайын сурады.

Айдаров өткөн жылдын октябрь айында камалган кыздын атасын, инисин атып, апасын балта менен башка чаап кетишкенин айтып берди. Анын айтымында, бул кылмышка жакын туугандары — каза болгон үй-бүлө башчысынын бир тууганынын уулу — шектелүүдө. Ок чыгарган киши кармоо учурунда окко учкан, анда үч милиция кызматкери жаракат алган. Аны менен катар, Айдаров ушул тапта кылмышка шектелген киши Ош шаарында ТИЗОдо кармалып турганын кошумчалады.

Бир туугандар эмне себептен жаңжалдашып, ок атышканын Айдаров так билбейт, бирок бул араздашуу көптөн бери уланып келе жатканын жашырбайт. Анын айтымында, үй-бүлөнүн дагы бир уулу өмүрүнө коркунуч болуп жаткандыктан, айылдан көчүп кетүүнү ойлонуп жатат.

Мавлян Айдаровдун айтымында, сот отурумуна шектүүнүн жакындарын киргизишкен эмес. Жээни болсо сот имаратынан чыгарып кетип жатканда, «атамды өлтүргөндөргө тосмо арыз жазсам бошотобуз дешти» деп айткан. Мындай талап ким тарабынан айтылганын Айдаров ачыктаган жок.

Шектүүнүн туугандары үч бала балдар үйүнө жайгаштырылганына кейип жатышат. «Эне баласын какыс-кукус кылат, ал үчүн камап салганы адилетсиздик. Келтек жеп катта болгонбуз», — дейт ал.

«Мен атаңды өлтүргөндөрдү кечир деген эмесмин»

Ал эми арыз ээси, шектүү келиндин күйөөсү өзүн Бакыт деп тааныштырып, окуяга байланыштуу өз версиясын айтты. Анын айтымында, мусулманчылыкты бекем карманат жана шектүү анын экинчи аялы. Биринчи аялынын макулдугу менен үч жыл мурда нике кыйып жашап калышкан. Ортодо эки жашар кызы, ошондой эле аялынын мурдагы турмушунан эки баласы бар.

Балдар апасы менен чогуу жашашчу, ал эми Бакыт кезеги менен эки үй-бүлөсүнө бирдей каралашчу. Бакыттын айтымында, аялы менен чогуу жашаган үч жыл аралыгында уруш-талаш болуп келген, ал эми акыркы бир айда «жаңжалдардан тажап» сүйлөшпөй жаткан. Ал эми аялы үйгө кайтып келишин талап кылып, экөөнүн ортосундагы кызды ур-токмокко алган.

*Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам чегинде тыюуу салынган.

«Үй-бүлөдөгү чырга аялымдын апасынын турмушубузга аралашканы себеп болду. Бир ай мурда кезектеги жаңжалдан кийин үйдөн кеткем. Аялым кызды уруп, курал катары колдоно берди. Бирде суукта көчөгө калтырып кетти, өзүм карап жатканда кайра тартып кетти. [Кызды уруп жатканын видеого тартып жөнөткөндөн кийин] баланы майып кылып койбосун деп милицияга арыз жазууга аргасыз болдум», — дейт ал.

Ошол эле учурда, Бакыт аялын каматып салайын деген ниети болбогонун айтат. Аялы кызды уруп жаткан видеону интернетке ким таркатканын билбейт. Анын айтымында, аталган видеону кайнагасына жана милиция кызматкерлерине гана жөнөткөн.

Аны менен катар, Бакыт кайненесинин «атасын өлтүргөндөрдү кечирсин деп жатат» деген билдирүүсүн четке кагууда. Ал бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин, болгону көптөн бери уланып келе жаткан үй-бүлөлүк чатакты ырбатпагыла деген оюн айтканын баса белгилейт.

«Аялымдын атасы менен инисине ок чыгаргандар өздөрүнүн аталаш тууганы. Бир туугандар ортосунда ушундай чыр болгон. Мен эрегиш улана берсе биздин балдар атышпасын, зыяны тийбесин, ушунчасында токтотуп, ынтымакка келгиле дегем. Ошол сөзүмдү аялым ок аткандардын тарабын алып атат деп жатат окшойт. Анан эмне, дагы атышкыла дешим керек беле?» — дейт Бакыт.

Ошондой эле, анын башкы максаты «кызын татыктуу тарбиялоо, коргоп калуу» экенин кошумчалады.

«Азыр энелик укуктан ажыратуу тууралуу айта албайбыз»

Балдардын акыбалы кандай?

Жашы жете элек кыздын сабалышына байланышкан окуяны көзөмөлдөп жаткан Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээрихан Асанова «Азаттыкка» маек куруп, шектүүнүн балдары мектепке жана бакчага бара баштаганын айтты.

«Балдар менен психолог иштеп жатат. Абалы жакшы. Азырынча энелик укуктан ажыратуу туралуу айта албайбыз. Маселени сот чечет. Биз мыйзамдык негизде бизден талап кылынган иш-аракеттерин гана аткардык», — деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызын сабаган келиндин үч баласына 2022-жылдын июль айында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип, айына 3 600 сом алып келатканын кошумчалады. Бул каражат ушул жылдын июнь айына чейин берилет деп белгиленген.