Баткен: Эки жашар кызын сабоого шектелген аял бир айга камакка алынды

Эки жашар кызын уруп-сабоого шектелген Баткен облусунун тургуну ТИЗОго киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттон билдиришти.

Чечим 1-февралда Баткен облусунун Кадамжай райондук соту тарабынан кабыл алынганы кабарланды. Ага ылайык, шектүү 2023-жылдын 1-мартына чейин камакка алынды.

30-январда соцтүйүндөрдө аял баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Милициядан 27-январда Кадамжай районунун тургуну аялы кызын сабап салганын айтып арыз менен кайрылганын билдиришкен.

Арыз ээсинин айтымында, ал 2023-жылы аялы менен жашабай калган. Андан кийин аялы 5-январда экөөнүн ортосундагы 2 жашар кызын сабап жатканын видеого тартып WhatsApp аркылуу жиберген.

Милиция сотко чейинки тергөөнү баштап, балага соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизаларды дайындаган. Милиция далил буюму катары аялдын телефонун алган.

Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

31 января стало известно, что женщину водворили в ИВС, троих детей изъяли из семьи и поместили в детский дом семейного типа «Кут Кадам».