FIFA’нын машыктыруучусу Кыргызстандын өспүрүм футболчулары менен иш алып барат

UEFA PRO лицензиясы бар испаниялык машыктыруучу Даниэл Лимонес Бишкектеги өспүрүмдөрдүн футбол командаcына насаатчы болду. Бул тууралуу 3-февралда Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Маалыматка ылайык, Лимонес февралдан июль айынын аягына чейин жергиликтүү футбол академиялары менен иш алып барат. Ал 13-16 жаштагы оюнчулардан куралган жаштардын эки жана кыздардын бир курамасы менен машыгууларды өткөрөт.

Испаниялык машыктыруучу Кыргызстанга FIFA’нын жаш таланттарды өнүктүрүү программасынын алкагында келди. Долбоордун максаты жаш оюнчуларды футболдун жогорку сапаттык деңгээлине чыгаруу болуп эсептелет.

«Долбоор уникалдуу болуп саналат, анткени анын пилоту жети гана өлкөдө ишке ашырылат: Коста-Рика, Венесуэла, Бенин, ТАР, Финляндия, Фиджи Аралдары жана Кыргызстан. Биздин өлкө аталган тизмеде Азия континентинин жалгыз өкүлү», — деп белгилешти бирикмеден.

Өлкөнүн футбол бирикмеси испаниялык машыктыруучу «кесипкөй адис» экенин, кезинде «Атлетико Мадрид» футболдук академиясында координатор болгонун жана Ла-Лига академиясында иштегенин кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан Италия менен футбол жаатында кызматташа турган болду