Кыргызстан Италия менен футбол жаатында кызматташа турган болду

Кыргызстандын футбол бирикмеси жана Италиянын футбол федерациясы кызматташуу тууралуу меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу «Клоопко» футбол бирикмесинин басма сөз катчысы Жыпара Исраилова билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда бирикменин жетекчиси Медербек Сыдыков баштаган делегация Италиянын футбол федерациясынын президенти Габриэле Гравина менен Рим шаарында жолукту.

Анда тараптар футболду өнүктүрүү, федерацияны уюштуруу жана футбол менеджменти тууралуу пикир алышты. Гравина Италиянын футбол федерациясы кыргыз кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Кыргызстан Италия менен футбол жаатында кызматташары тууралуу январдын башында эле айтыла баштаган. Бирок анда кызматташуу тууралуу толук маалымат жарыяланган эмес.Италиянын улуттук курамасы FIFA рейтингинде алдыңкы 8 команданын катарында. Алар 2006-жылы Германияда өткөн дүйнө биринчилигин багындырган.

Автору: Адилет Иманов

Тема боюнча:

Кыргыз футболчусу Рамина Цой 2023-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпионатына калыстык кылат