ТИМ: Кыргызстандыктар Мальдив аралдарында 30 күн визасыз жүрө алышат

Кыргыз жарандары эми Мальдив аралдарына визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан жана Мальдив аралдары менен дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан бошотуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгон.

Ага ылайык мындан ары кыргызстандыктар Мальдив аралдарына жалпы жарандык паспорт менен кире алышат. Учурда тиешелүү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн мамлекетттик тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле министрликтен Греция жана Таиланд менен визасыз режимге өтүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюуларын белгилешти. Бельгия, Нидерланды, Люксембург, Словакия, Египет жана Доминика өлкөлөрү менен макулдашуунун долбоору иштелип чыгып жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөгө тең ID-карта менен кире алышары белгилүү болгон. Тиешелүү протоколго эки өлкөнүн президенттери 27-январда кол коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат