Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат

Мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкөгө тең ID карта менен кире алышат. Тиешелүү протоколго эки өлкөнүн президенттери 27-январда кол коюшту.

Ага ылайык, чек арадан транспорттун бардык түрүнө өтүүгө уруксат берилип, баардык маалымат электрондук түрдө жазыла турган болду.

Бирок Sputnik басылмасы жаңы эрежелер Өзбекстан документти бекитүү процедурасын аяктагандан кийин гана күчүнө кирерин белгиледи. Бул бир нече айга созулушу мүмкүн.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө уруксат берилип келген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда болду. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында 25 документке кол коюлду.


Жолугушуунун негизги мааниси Кемпир-Абаддын расмий түрдө Өзбекстанга өткөндүгү болду. Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюлганын белгиледи. Ошол эле учурда өзбек президенти бул күндү тарыхый деп атап, чек араны тактоо Жапаров экөөнүн «саясий эрки менен ишке ашканын» айтты.