Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!

ИИМдин Тергөө кызматы Кемпир-Абад ишин толук түрдө жышырды, бирок бул иштин фигуранттарынын адвокаттары эмнеге экенин бүгүнкү күнгө чейин биле албай жатышат. Тергөө аларга токтомду көрсөтүүдөн баш тартып жатат — иш жашыруун жана анын эмне үчүн жашыруун экени дагы жашыруун. Адвокаттары муну тергөөнүн болуп аткан мыйзамсыздыкты коомчулуктан жашыруу аракети деп эсептеп, нааразы болушууда.

Жапековдун сыры

«Бул силерге да, бизге да, прокурор менен сотторго да сырбы? Бул эмне деген [шумдук]? Мынтип бурчка такаган болбойт да!» — деп нааразы болгон 1-февралда адвокат Рабига Сыдыкова Биринчи май райондук сотунун отурумунда. Анын айтымында, ишти тергөөчү Улан Жапеков өзү жашырган, эми болсо токтомду анын кол алдындагылар да, адвокаттар да, керек болсо судьялар да көрө албай жатат.

Дал ушул себептен улам ал күнү судья акыр аягы иштин жашырылганы жөнүндө токтомун көрөлү деп күткөн адвокаттарын арызын негиздүү түрдө карай алган эмес.

Бирок жашыруун токтомдун кандай гана сыры болбосун адвокаттар ага макул эмес, себеби иштин өзүн жана анын жашырылганын мыйзамсыз деп эсептешет.

Адвокат Канат Асанкадыр ишти жашыруунун бир эле себеби бар дейт — процесс жакында аягына чыгат жана тергөө андан коомчулуктун көңүлүн бургусу келет. Юристтин пикиринде, жактоочу тарап өкүм чыгарыларда киши көп болорун, анын ичинде журналисттер, айыпталуучулардын туугандары, укук коргоочулар жана байкоочулар келерин билген.

«Менин соттук тажрыйбамда ушундай эле беренелер боюнча иштер болгон, бирок ал беренелер эч качан жашыруун макамына алынган эмес. Бул нонсенс. Негизи терроризм, экстремизмге чакыруу жөнүндө беренелер жашырылчу, бирок массалык башаламандык иштерине андай [жашыруун] макамы берилчү эмес», — деп түшүндүрөт Асанкадыр.

Жактоочу Рабига Сыдыкова дагы анын тажрыйбасында адатта кылмыш ишинин бир бөлүгү, жашыруун маалыматтарды камтыган айрым бир томдору гана жашырылчу экенин, бирок бүтүндөй кылмыш иши жашырылганы болгон эместигин кошумчалады.

«Бул коомчулуктан тергөөнүн аракетин жана аракетсиздигин жашыруу аракети. [Иш башталгандан] бери бир дагы тергөө амалдары жүргүзүлбөптүр деле. Бул биз коргоп жаткандардын аракетинде кылмыштын курамы жоктугун дагы бир жолу далилдеп турат», — дейт Сыдыкова.

Кемпир-Абад иши 18-январда, тергөө башталган соң үч айдан кийин жашырылган. Адвокаттардын айтымында, анын кажети жок болчу, себеби үч айда иштин чоо-жайы баарына эле белгилүү болгон. Мындан сырткары, Сыдыкованын айтымында, айыпталып жаткандар эч бир сырга ээ эмес экенин баары эле билет.

Ишти жашырууга негиз жок болчу экенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова да айтат.

«Жапеков каалаганы үчүн эле жашыруун болуп калбашы керек. Буга мыйзамдуу негиз болушу керек. Ошондо адвокаттар деле макул деп калышмак да. Жөн эле алып туруп жашырып салышты […] Тергөөнүн эч кандай далили жок, [тергөөчүлөр] кандай айла табышты билбей жатышат», — дейт укук коргоочу.

Тергөөнүн жаңы ыкмалары

Адвокат Чынара Жакупбекова октябрь айында тергөөчүлөр иштин фигуранттарын ТИЗОго камоо менен алар бири-бирине каршы көрсөтмө бере баштайт деп күтүшкөн, бирок андай болгон жок дейт. «Ынтымагын көрсөтүп, [бири-бирине каршы] эч бир көрсөтмө бербей, ТИЗОдо отурушат», — деп кошумчалады Жакупбекова.

Жакупбекова иштин кээ бир фигуранттарына эски иштерди* чукуп чыгып, башка беренелерди дагы тага башташканын айтат. Анын айтымында, тергөөчүлөр Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандарды жоопко тартуу үчүн баарын кылып жатышат.

*Жакупбекова активист Атай Бейшенбек тууралуу айтып жаткан болушу мүмкүн. Ал жакында эле Кемпир-Абад иши боюнча массалык башаламандыктан тышкары, 2020-жылдагы октябрь окуясында имаратты басып алууга жана алдамчылыкка шектеле баштаган.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттарынын баары — бул иш бийлик жабык эшик бүтүргүсү келип жаткан саясий буйрук экенине ишенет. Алардын айтымында, иш мыйзамсыз козголгон, төрт айдын ичинде тергөө амалы деле жүргүзүлгөн эмес, ал эми биринчи лингвистикалык экспертиза үн жазмалардан кылмыштын курамын тапкан жок.

«Азыр тергөөчүлөр жаңы экспертиза дайындоо аркылуу бул корутундуну жокко чыгартууга аракет кылып жатышат», — дейт адвокат Асанкадыр.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова жактоочулар өз ишинде абдан чектелип турганын, себеби тергөөчүлөр аларга көптөгөн документтерди бербей, эксперттик топтун курамы жана анын корутундулары менен тааныштыргысы келбей жатканын айтат. Ошондой эле, анын айтымында, эгер адвокаттар ачыкка чыгарбоо жөнүндөгү келишимге кол коюп берип коюшса, анда бул иш боюнча дагы 5-10 жыл айта албай калышат.

«Бул жерде кыргыз элинин укугу бузулуп жатат. Кемпир-Абад иши ачык болушу керек!» — деп эсептейт укук коргоочу.

Ал эми ИИМ иш «жашыруун» макамда турганына таянып, Кемпир-Абад ишинин айланасындагы жагдайга комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

Кемпир-Абад боюнча иш

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад иши боюнча 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле.

Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат. Камактагылар аларды үй камагына чыгарууну талап кылып ачкачылык агы жарыялашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.