Адвокат Канат Хасанов Атай Бейшенбекке козголгон дагы эки кылмыш ишинин чоо-жайын айтты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Атай Бейшенбектин үстүнөн дагы эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-январда адвокат Канат Хасанов билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары жети жыл мурда кылмыштын курамы жок деп табылган «алдамчылык» боюнча ишти кайрадан активисттин «мойнуна илип жатышат». Ал эми экинчи иш 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу.

«2020-жылы Атай “бийликти, мэрияны басып алган имиш”. Ишти өткөн жылы УКМК чогултуптур — ал кезде Атай Викрам Рузахуновду колдоп митинг уюштурган, Болот Темировдон баңгизат табылды деп кармалганда акцияга катышкан. Ал мыйзамдуулукту талап кылган. Бүгүн УКМК ошол ишти ИИМге жиберип, бизге токтом келди», — деп түшүндүрдү Хасанов.

Адвокат октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров баш болгон аткаминерлер бийликке келгенин эскертти.

Хасанов укук коргоо органдары Кемпир-Абад иши боюнча активисттин күнөөсүн далилдей албаганы үчүн эки жаңы кылмыш ишин козгоду деп эсептейт.

Аны менен катар, жактоочу Кемпир-Абад боюнча кармалган активист, саясатчыларга карата иш козголгонун «саясий куугунтук» деп атады.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Ал эми президент Садыр Жапаров кимдир бирөөнү бошоткула деп буйрук бере албасын билдирген. Президент бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпегин айтып ишендирген.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

18-январда ИИМдин тергөөчүлөрү абактагы активист, саясатчылардын жапырт кармалганы боюнча ишке жашыруун гриф беришкен. Ал эми адвокаттар мындай чечимге эмне себеп болгонун билбей жатканын айтышкан.

Тема боюнча:

Массалык «беспредел» катардагы көрүнүш болуп калды — Жакупова Кемпир-Абад иши тууралуу