Президенттин администрациясы блогерлерди ЖМКга теңеп, көзөмөлдү күчөтүүнү каалайт

Президенттин администрациясы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун толукталып иштелип чыккан версиясы менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору 2022-жылдын 28-сентябрында коомдук талкууга чыккан. Анда укук коргоочулар мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деп белгилешкен. Мыйзам долбоорун жарандар кызуу талкуулап жаткан шартта президент Садыр Жапаров 7-декабрда жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган — акыры мыйзам кайрадан иштелип чыкты.

Бирок «Медиа Полиси Институту» коомдук фонду киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү талдап чыгып, мамлекет жаңы түзөтүүлөрү менен блогерлердин үстүнөн көзөмөлдү кантип күчөтүүнү пландап жатканын айтып берди.

Кандай түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталды?

Фонддун укук коргоочуларынын айтымында, толукталып иштелип чыккан мыйзам долбоору популярдуу блогерлерди каттоодон өтүүгө милдеттендирет, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттерин жүктөйт.

«Демилгечи блогдорду ЖМКнын бир түрү катары таанууну сунуштап жатат. Блог деп “малыматтык, маалыматтык-аналитикалык көңүл ачуучу жана башка мүнөздөгү материалдарды камтыган”, аларды айына 5 миң уникалдуу колдонуучу окуй ала турган кандай гана болбосун баракча саналат. Мамлекет блогдордун реестрин киргизүүну дагы каалайт», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Түзөтүүлөргө ылайык, тиражы 100гө жетпеген гезит-журналдар, окуу жайлардын, ишканалардын, мамлекеттик органдардын жана башкалардын радио жана теле программалары гана мамлекеттик каттоодон бошотулат. Ал эми соцтүйүндө 5 миң катталуучусу бар колдонуучулар Юстиция министрлигинде ЖМК катары мамлекеттик каттоодон өтүшү керек, болбосо алар өз блогдорун жүргүзүү укугунан ажырайт.

Демилгечи блогерлерге мындайча укуктарды берүүнү чечкен: коомго жеткиликтүү болгон маалыматты эркин издөөгө, алууга, берүүгө жана жайылтууга, өз барагында жеке оюн айтууга жана өз баасын берүүгө, барагына акы алуу негизинде жарнама жайгаштырууга. Болбосо мунун баары Конституцияда кепилденген.

Демилгечи блогерлер өз барагына жеке маалыматтарын дагы жайгаштырышы керек деп эсептейт: Аты-жөнүн, туулган жылын/күнүн, байланыш номурун же электрондук почтасын. Укук коргоочулардын айтымында, бул талап Интернеттеги купуялуулук укугун бузат.

Демилгечи блогерлерге маалыматтын айрым түрлөрүн таркатууга тыюу салат. Блогер чыгара турган маалыматты ишенимдүү экенин тешериши керек, эгер андай болбосо тез арада өчүрүшү керек.

Анткен менен ишенимдүү эмес маалыматка байланыштуу маселенин баарын мыйзам боюнча сот аркылуу чечип алса болот.

Мындан тышкары, мыйзам боюнча, жайылтууга жатпаган маалыматтардын түрү бар, аларды жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралган. Алар: терроризмге, массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга, согушту пропаганда кылууга ачык чакыруу; рассалык, этникалык, улуттук диний же аймактык чыр-чатакты козутуу, экстремисттик материалдарды жайылтуу.

«Сунушалып жаткан мыйдам долбоорунда мамлекет блогерлерди ЖМКга теңеп, аларга бүтүндөй бир редакциянын милдетин жүктөөнү сунуштап жатат. Бул албетте демократиялык коом үчүн зарылдыгы жок нерсе», — деп белгилешти укук коргоочулар.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген. Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.

Тема боюнча: Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат