Өткөн кылымдын 60-70-жылдары советтик кинематографияда «Кыргыз керемети» деп аталган феномендин жаратуучуларынын бири, кинорежиссёр, сценарист, кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаров 6-февралда акка моюн сунду.
Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун аяктап, эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган.
«Клооп» кайталангыс таланттын чебер көркөм тасмаларын сунуштайт.
Саманчынын жолу, 1967
Режиссёр Геннадий Базаровдун дипломдук иши. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган тасмада башкы каармандын ролун Бакен Кыдыкеева аткарган. Анда чыгармадагыдай эле Улуу Ата мекендик согуш жылдары, ошол кездеги элдин жашоосу жана адамдардын ортосундагы мамиле сүрөттөлөт.
Толгонайдын үч баласы жана жолдошу Экинчи дүйнөлүк согуштун фронтунда курман болот, бирок ал кайрат-күчтөн тайбайт. Жер эне Толгонайды жашоо менен күрөшүүгө үйрөтүп, күч берет.
Буктурма, 1969
Ата мекендик кинематографиядагы туңгуч блокбастерде өлкөдөгү коомдук-саясий абал баяндалган. Өткөн кылымдын 20-жылдарында кыргыз жергесинде жарандык согуш уланып, басмачылардын тобу өкүм салып турат. Түштүк жактагы буктурмалардын биринде табышмактуу өлүмдөр жана провокациялар катталат.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн буктурмага жөнөтүлгөн чекист Шпалов, Бостонкулдун басмачы отрядын багынып берүүгө көндүрүш үчүн барат. Шпалов басмачыларды көндүрүүгө жетишкени менен багынгандарды өткөрүп берүүчү жайга бараткан жолдо жашынган душмандардын буктурмасына кабылат.
Көчө, 1972
Көчө — жазуучу Мурза Гапаровдун аңгемесинин мотивинде тартылган көркөм тасма, тагыраагы Беш-Кемпир айылынын тургундары жөнүндө кыскача аңгеме. Аталган айылдын ордуна суу сактагыч курулат, мындан улам жашоочулар келечектеги мухиттин түбүнөн жаңы жайга көчүшү керек.
Окуя Нарын гидроэлектрстанцияларынын курулушунан улам келип чыккан көйгөйлөрдүн тегерегинде жүрөт. Тасманын жаратуучулары айыл тургундарынын конуш алмаштырууга болгон өзгөчө мамилесин көрсөтүп беришкен. Комедиялык өңүттөгү тасманын аягы конуш алмаштыруу менен бүтөт.
Көздүн кареги, 1976
Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев өңдүү корифейлер катышкан тасмада сүйүүсүн Москвадан таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Эркиндин ички сезимдери баяндалат.
Атасы каза болгондон кийин анын жакындары туулган жерден алыста жашап, киндик кан тамган жерин, каада-салт, үрп-адатын унутуп калышына тынчсызданып, мекенине кайтууга көндүрүшөт. Ал эми Эркиндин апасы Москвага келип, уулунун жашоосу менен таанышып, уулунун туугандары ойлогондой кайдыгер эмес экенине күбө болот.
Каныбек, 1978
Касымалы Жантөшевдин «Каныбек» романынын негизинде тартылган тасмадагы окуялар 19-кылымда болуп өтөт. Колго илинбеген кылмышы үчүн жаш жигит Каныбекти кулчулукка сатып жиберишет.
Кийинчерээк аны апасы жана сүйлөшкөн кызынан ажыратышат. Тынымсыз түрткүнчүк болуп, кыйынчылыкка кабылган жигиттин көңүлүнө адилетсиздик көк таштай тийип, кожоюндардын ээнбаштыгына чыдабай акыйкаттык үчүн күрөшүүнү чечет. Адегенде ал жалгыз болгону үчүн күрөштө жеңилип калат. Бирок ал акыры жалгыз дарак токой болбой турганына көзү жетет.
Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай, 1987
Наркологиялык оорукананын башкы дарыгери Курман Акимов бейтаптарды толук айыктыруу үчүн дары-дармектерден тышкары адамды ичкиликке түрткөн себептерди жоюп, адамдын өзүнө болгон ишенимин кайтаруу зарыл деген ойдо.
Аракечтик маселеси чагылдырылган тасмада каармандардын басымдуу бөлүгү жаштарды түзөт. Анда арактын кесепетинен өз өмүрүнө кол салып көз жумган сүрөтчүнүн, ичкиликтен улам атасын акыркы сапарга узата албай калган уулдун жана акыл-эстен тайганга чейин ичкен жигиттин кайгылуу окуясы баяндалат. Режиссёр Геннадий Базаров аталган кинотасманын сценарийин өзү жазган.
Айың, 1989
Башкы каарман Калман аттуу жигит башка бирөөнүн айынан түрмөдө жатып чыгат. Андан ары ал психикасы жабыркаган келиндин сөзүнө ишенип, анын уурдап кетти делген баласын сактап калууга колдон келген аракетин жумшайт.
Советбек Жумадылов ойногон башкы каарман жакындарынан акча, тааныштарынан жардам сурап, көптөрдөн жаман сөз угуп, айрымдарынан таяк жейт. Соңунда аялдын уулу бир нече жыл мурда эле көз жумуп, тааныш-билиши көп, укуругу узун бир аткаминерден өзү да, келин да жабыркап бири түрмөгө, экинчиси психикалык ооруканага түшүп калганын билет.
Аномалия, 1992
Ачык кадрлар орун алган тасманын сценарийин режиссёр өзү жазган. Анда наркологиялык диспансерде дарыланган кыз-келиндердин тагдыры, эскерүүлөрү менен коомдогу аракечтик, сойкулук, кылмыштуулук чагылдырылган.
Тасмада өз канынан жаралган уулунан баш тарткан партиялык кызматкердин, таштандыга ымыркайын калтырып кеткен жаш келиндин окуясы чеберчилик менен көрсөтүлгөн. Тагдырдын тамашасы менен туура 19 жылдан кийин баягы таштанды бала менен энеси наркологиялык диспансерде чогуу жашап калат…
Карагыз, 2003
Майыптыгы бар Карагыздын апасы байдын кызынын этегин кармап кеткен уулунун кайын-журтун күтүүгө камынат. Анын күйөөсүнүн арактан көзү ачылбай, ал өзүнө окшош аракеч аялды үйүнө киргизип алган. Ал эми алардын кичүү кызы сойкулук менен алектенет.
«“Карагыз” — социалдык чөйрөдө өз ордун таппай калган үй-бүлөнүн трагедиясы. Мен булардын мындай болуп калышына өкмөт, чөйрө же турмуш-шарт күнөөлүү деп айта албайм. Адамдар өздөрү өздөрүнүн жашоосун татаалдантып алышкан», — деген оюн айткан Базаров.
Нонсенс, 2012
Али анча картаң эмес театрдын артисти жумуштан бошотулуп, оор кырдаалга туш болот. Анын алдындагы тандоо ого эле жупуну — коюн-колтукка кирип, бирөөгө жагынганды билүү. Бирок ал «жылмаңдап», бирөөнүн көзүн тиктешти эптей алган жок. Акыры артист мындай жашоого болбой турганын ичтен сезип, түшүнүп жетет.
«Эмне үчүн нонсенс? Адамдын кадыр-баркын кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок деп эсептейм, анткени ал андагы эң кымбат, эң баалуу нерсе. Бул тасманын башкы идеясы болуп саналат», — деп билдирген режиссёр акыркы фильми тууралуу.
ТЕМА БОЮНЧА:
«Кыргыз кереметине» сүңгүп: Жаңы жылга карата 10 кыргыз тасмасын сунуштайбыз
Легендарлуу кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналат — Видео
Сүрөт: Кыргыз кинотеатрларындагы колдо тартылган көрнөктөр кандай болгон?