УКМК: Бийликти басып алууга шектелип активист кармалды

8-февралда УКМК бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого шектелип Н.Н.А. аттуу жарандык активист кармалганын билдирди. 24.kg сайтынын маалыматына ылайык, сөз Назарбек Нышанов жөнүндө болуп жатат.

Назарбек Нышанов.  Активисттин Фейсбуктагы сүрөтү. 

«Улуттук коопсуздук органдары тарабынан социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилеринин бар экендиги жөнүндө иш боюнча алынган башка далилдердин негизинде Н.Н.А. аттуу жаран кармалды», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Активист УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Мамлекеттик комитет элге кайрылуу жасап, жарандарды социалдык тармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырды.

Кыргызстанда соцтүйүндөгү посттор ар башка беренелер менен кылмыш ишин козгоого себеп болгон учурлар чанда кездешет. Мисалы, январдын орто ченинде активист жана блогер Адилет Балтабай массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып беш жылга эркининен ажыратылган.

Балтабайга кылмыш ишин козгоого анын Фейсбуктагы посттору себеп болгону айтылган.