Шаардык сот Адилет Балтабайды 5 жылга камакка алды

12-январда Бишкек шаардык соту жарандык активист Адилет Балтабайды (Адилет Али Мыктыбек) беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алды. Бул маалыматты «Клоопко» шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, шаардык сот активисттин иши боюнча Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди өзгөрттү — үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу бөлүгү жокко чыгып, беш жылга эркинен ажыратуу бөлүгү күчүндө калды.

Ал эми активист сот залынан кайрылуу жасап, пробациянын шартын бузбаганын жана аны адилетсиз кармап жатышканын айтты.

«Кечээ Кемпир-Абады коргочулардын тарапташтары акцияга чыкты эле. Байкоочу болуп барсам, ал жерден да адилетсиз түрдө кармап кетишти [...] Мен адилеттүүлүктөн кайра тартпайм. Адилетсиз камалдым деп эсептейм. Кандай күн болбосун, акыры чындык жеңет. Ак ийилет, бирок сынбайт. Ушул “кыраандар” колума кишен салат. Бул кишен – адилетсиз бийликтин кишени», — деди ал.

Ал эми активисттин жактоочусу Такен Молдокулов «Азаттыкка» шаардык соттун чечими боюнча Жогорку сотко доо арыз берүүнү көздөп жатышканын айтты.

Адилет Балтабайдын иши

Балтабай өткөн жылдын 30-июнда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Балтабай акыркы убакта Next TV телеканалында кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал активисттин суракка чакырууга Фейсбуктагы посттору себеп болду деген оюн айткан.

Активист өзү Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн арасынан 20-30 пост тандалып алынып, экспертиза аларда массалык башаламандыктарга чакырык бар деген корутунду чыгарганын айткан. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген болчу.

11-ноябрда сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда сот үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

Тема боюнча:

Активист Адилет Балтабайга үч жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды