Орусияда эмгек патенттери кымбаттагандыктан мыйзамсыз мигранттардын саны өсүп жатат. Ресторан жана мейманкана бизнестеринде иштеген кыргызстандыктар көбөйдү. Күтүлгөндөй эле айыл чарбасында вакансиялар көп боло баштады, бирок ал мигранттарды айлыктары аз жана ири шаарлардан кетүүгө аргасыз кылгандыктан анчейин деле кызыктырбайт. Мигранттар үчүн жумуш издөө боюнча Migranto.ru сервисинин негиздөөчүсү Светлана Саламова «Клоопко» Орусиянын эмгек рыногу 2022-жылы кандай өзгөргөнүн айтып берди.
— Орусияда мигранттардын жашоосу өзгөрүп жатат. Бир жагынан көбү мекенине кайтты. Дагы бир жагынан Орусиянын ИИМи былтыр эсепке алынган мигранттардын саны 13,4 млндон быйыл 16,9 млнго жеткенин айткан, ал эми жеке жактардын Орусиядан Кыргызстанга акча которуулары 2022-жылы рекорддук 2,78 млрд долларга жеткен. Эмгек рыногунда кандай өзгөрүүлөрдү көрүптурасыз?
– Бүгүнкү күнү маятникке окшогон абал байкалып жатат. Көптөн бери Орусияда иштеген мигранттар мекенине кайтып, ордуларына «жаңылар» келип жатат.
2023-жылдын январынан тартып Орусия Федерациясынын дээрлик баардык аймактары патент төлөмдөрүн көтөрдү. Москвада жана Москва облусунда анын баасы азыр 6600, Тверь облусунда — 8081, ал эми Санкт-Петербург менен Ленинград облусунда — 4400 рубль турат.
Патентти кымбаттатуу көптөгөн мигранттардын аны жасатып жана төлөө үчүн психологиялык жактан даярдыгынын чегинен чыгып, көбү мыйзамсыз сегментке өтүп кетишти.
Жумуш берүүчүлөрдүн көбү дал ошол мыйзамсыз мигранттар тарабынан вакансияларга кызыгуу өсүп жатканын белгилешүүдө. Менимче жаңы келген мигранттардын көбү патент алууга психологиялык жана каржылык жактан даяр эмес болуп чыгууда. Орусияда чет өлкөлүктөр адатта кайсыл бир мыйзам тышындагы жумушка кирип, патентке акча таап алган соң гана мыйзам талаасына кирүүнү эп көрүшөт.
— Жазында, биз бул рынокту талкуулаганда, салт болуп калган адистик жөнүндө сүйлөшкөн элек, анда Тажикстандын жарандары көбүнесе курулушта, кыргызстандыктар — тейлөө тармагында, Өзбекстандын жарандары — турак жай коммуналдык кызматтарында иштери белгиленген. Мына ушул «улуттук адистиктерде» тармактар боюнча өзгөрүүлөр болдубу?
— Эгер мигранттардын адистиктер боюнча бөлүнүшүн айта турган болсок, былтыр Кыргызстандын жарандары курьердик кызматтарды ишенимдүү аркалашты. Бул негизинен жумуш берүүчүлөр аларды өзүн-өзү иш менен камсыздоочулар катары каттап, салык төгүмдөрүн азайта алышкандыктан болду.
Ошондой эле кыргыз жарандары тейлөө тармактарындагы иш орундарын дагы үстөмдүк кылышты.
Азыр болсо мен буларга ресторан жана мейманкана бизнестерин да кошмокчумун.
Кыргыз тайпаларында ашпозчу, сушист, пиццамейкер, официанттар керек деген жарыяларды күн сайын көп байкап жатабыз. Тазалык кызматкери, хаусмен, [отелдерде] стюарддар үчүн да жумуш орундары көптүгү байкалат.
Өзбекстандын жарандары Москвада жана облустарда кампа иштерине көп тартылып жатат (чогултуучу, жүк ташуучу, завод жана ишкана кызматкерлери).
Ал эми тажик жарандары кампа, курулуш иштери жана клининг кызматтарында дагы бар.
– Орусияда курулуш катуу солгундап кеткенден кийин мигрантар күтүлгөндөй эле айыл чарба жана тамак-аш өндүрүшүнө агылдыбы?
— Курулуш тармагы, тескерисинче, мигранттар үчүн курьердик кызматтар менен теңтайлашып жатат, бирок аларга азыр маркетплейстердин кампалары да кошулду. Онлайн соода-сатык жана жеткирүү кызматтары өнүгүп, жаңы кызматкерлерди тартуунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.
Жазында жана күзүндө айыл-чарба ишканаларынан сунуштар көп болду, бирок алар менен иштешүү кыйынга турду: Москва же Санкт-Петербургдан мигрантты Краснодар же Астрахандагы фермага же күнөска чарбасында иштөөгө көндүрүп алып кетүү оңой эмес. Айыл-чарба өндүрүштөрүнүн маянасы борбор калаадагы маяналар менен атаандаша албайт. Мында уюштурулган тандоо гана көмөк боло алмак.
Ошондой эле жаз жана жай айларында тоок фермалары менен эт комбинаттарынан суроо-талап көп болду. Эт комбинаттарында кызматкерлерди алууда кыйынчылык дегеле иш издеген мигранттарды табууда эле эмес, мигранттардын көбү чочко эти менен иштеген өндүрүштөрдө эмгектенүүдөн баш тарткандыктан улам дагы жаралды.
— Узаган жыл ичинде Орусияда мигранттар үчүн жаңы жумуш орундары пайда болдубу? Балким талап Москва жана Питерден башка аймактарга оогондур?
— Жумушчу жетишпеген вакансиялар тууралуу айтсак, 2022-жылы тигүүчүлөр менен [оор жүк унааларынын] айдоочулары бир топ эле өтүүмдүү болду деп белгилейт элем.
Мурда бизге тигүүчүлөрдү сурап Москва жана Москва облусунан эле кайрылышчу, азыр болсо Санкт-Петербург, миллиондук калкы бар шаарлардан, ал түгүл алыскы аймактардан деле талаптар түшүп жатат.
Айдоочулар боюнча, аймактык автобустар үчүн да, фуралардын айдоочуларына да вакансиялар көп.
— Орусия Федерациясынын ТИМнин билдирүүсүнө таянсак, быйыл Орусия Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен эмгек миграциясы боюнча жаңы макулдашууларга кол коюну пландап жатат. Бизнеске жумушчулар жетишсиз болууда. Бирок Орусияда мигранттардын маянасы көтөрүлүп жатабы?
– Эгерде маяна көтөрүлүп атабы же жокпу деген суроого токтолсок, азырынча ал көтөрүлүп атканы көп деле байкала элек. Балким эки-үч айдан кийин кандайдыр бир жылыш болоттур. Азырынча иш берүүчүлөр чет элдик жумушчу күчтү тартуу ыргагынын төмөндөшүнө эмне таасир этип атканын карап жатышат: ал психологиялык маанай, патенттин кымбаттыгы же чет элдик жумушчунун эмгек акысы чыгымдарын жаппай калып жатканы себеп болушу мүмкүн.
2022-жылдын мартында эмне болду эле?
«Үйгө акча жөнөтө албай калдым». Москва рыногундагы кыргызстандык мигранттардын абалы