Москвада курулушта иштеген эмгек мигранты. Сүрөт: Marcel Crozet / ILO

Украиналыктар массалык түрдө Европага качып жаткан чакта, бийликтин саясатына каршы болгон орусиялыктар — Закавказье менен Борбор Азияга агылууда. Муну көргөн кыргызстандыктар деле айласып таппай калды. Аларды да келечек жашоо кооптондурат: жумуштун жоктугу, рублдун курсу, карыздар жана насыялар. Ошентсе да, биринчиден, мигранттар буга чейин деле кыйналып жашашчу, экинчиден алардын качып бара турган жери деле жок. «Клооп» Москвадагы мигранттар менен баарлашып, согуш, Орусияга салынган санкциялар, кризис аларга кандай таасирин тийгизип жатканын жана орусиялыктардын Бишкек менен Ошко агылуусу тууралуу ою кандай экенин билип көрдү.

Орусиядагы пандемиядан улам кыргызстандык мигранттар массалык түрдө курулуш тармагынан тейлөө кызматтарына ооп кетишкен. Ошондуктан «Клооптун» кабарчысы көп ойлонбой эле Москванын Шереметьево аэропортундагы акысыз такси токтотмого жөнөдү. Жаңылган жок — айдоочулардын биринчи эле тобу бишкектиктер болуп чыкты.

Марат (34 жашта, алты жылдан бери Орусияда), Руслан (28 жашта, эки жылдан бери Орусия), Абаз (30 жашта, беш жылдан бери Орусияда), жана Сатар (27 жашта, төрт жылдан бери Орусияда). Баары «Яндекс.Такси» кызматында иштешет.

Чынын айтканда, жигиттердин аттары өзгөртүлдү: «Азыр өзүң тууралуу эч нерсе айтпай эле коё турган заман болуп калды», — деп баарынын атынан түшүндүрдү тегерек жүздүү Марат.

Ал Орусияда жашаган алты жылда мигранттын эволюциясынын бардык тепкичин басып өткөн: көмөкчү жумушчу болуп иштеп, суши менен пицца жасап да көргөн, кийин таксиге кеткен. Ашпозчулук өмүрүн эргүү менен эстебейт: «Эртең менен саат сегизден кечки саат 11ге чейин какайып турасың, чарчайсың, алган айлыгын ашып кетсе 50 миң рубль». Анын айтымында, таксист эч кимге көз каранды болбой эле таза 70-80 миң таба алат: «Кааласаң — иштейсиң, каалабасаң — үйүңө кетип каласың».

Бирок согушка чейин ушундай болчу. Такси айдоочуларынын айтымында, рублдун кунунун түшүшү алар үчүн оор сокку болгон. «Буйрутма аз, баары кымбаттады, ал эми “Яндекс” тескерисинче жол жүрүүнүн минималдуу баасын дагы да төмөндөтүп салды», — деп кыжырданат арык чырай Сатар.

Сүрөт: Виктор Мухин/ Kloop

Орточо айлыгың канча дейсизби? «Азыр ушул убакта, согуш жүрүп жатканда бары бүдөмүк, — дейт Руслан. — Ал эми согушка чейин суткасына он сааттан кем эмес иштесек, күнүнө — 3,5-4 миң рубль тапчубуз».

Ушул жерде талаша кетишти: Абаз менен Сатар бул аралыкта үч миң рубль таба албайсың деп эсептешет. «[“Хёндай” автоунаасы] “Соляристин” ижара акысы эки миңдей – деп Абаз манжаларын санай баштады. — Дагы 1,5 миң — бензинге. Жеген тамагың: мына мен азыр эле жедим — 500 рубль кетти. Эгер бир күндө жети миңге иштесең, сага анын эки миңи калат. Ага кошумча батир же жок дегенде бир керебетти ижарага алышың керек».

«Ооба, чындыгында үч миң [рубль] табуу үчүн 13-14 саат иштөөгө туура келет, — деп аны коштоду Руслан. — Анан бизде дем алуу деген болбойт, дегеле болбойт. Үйгө өтө эле аз акча жөнөтөбүз — 35-40 миң».

Бул сандар кайра эле талаш-тартышты жаратты. «Кайдагы 35? Мен үйгө такыр эле акча которбой калдым! — деп таң калды Сатар. — Бир айда 10 миң салсаң, ал жакта сом менен сегиз эле миң алышат. Ушул да акчабы?». «Жок, 35 миң көп, — деп макул болду Марат. — Чынын айтайын: 20 миң, реалдуусу ушул. Бирок аны да бир ай мурда салганбыз. Калп айтпайын, азыр бир дагы тыйын жөнөтпөй калдык. Азыр такси айдоочулары тургай — жеткирип берүү кызматында иштегендерге да жумуш жок. Буйрутма бергендер азайды, “Макдоналдс” жабылды, жакында KFC жабылат деп жатышат. Согуш бул… Андан ары эмне болорун да билбейм». 

«Эгер рублдун куну дагы түшсө, биз кетебиз го, — дейт ойлуу Абаз өзүн ынандыргандай. — Ооба, кетебиз — күндөн-күнгө эле оорлоп баратат. Азыр кыргыздар эле мекенине кайтып жатышкан жок, бары эле Кыргызстанга кетип жатышат. Славян тектүүлөр, орустар — дагы». Анан ушул эле жерден: «Биз айдап жүргөн унааларыбызды сатып алуу үчүн арендага көбүрөөк акы төлөп жүрөбүз. Эки жылдан кийин таксопарктан машине сатып алып өзүбүзгө иштейли дейбиз. Ошондуктан жөн эле кетип калуу биз үчүн оор эле».


Андрей Попков, региондор аралык «Таксист» профсоюзунун төрагасы:

наа тетиктери бир нече эсе кымбаттады, жакында алар түгөнөт, буйрутма бергендер да, такси айдоочуларынын кирешеси да эки эсе азайды. Эл кысылып жатат, таксиде жүрбөй калды. Мамлекет такси кызматтарын колдобойт, банктар болсо насыяларды 30% менен берет. Ошондуктан мигранттар же бул тармактан кетишет, же башка киреше булактарын издешет — эгер мыйзамдуу болсо жакшы…


Данияр (Нарын, 20 жашта, эки жылдан бери Орусияда) жана Иман (23 жашта, беш жылдан бери Орусияда). Delivery Club кызматында курьер болуп иштешет

Кийинки пункт — эртеден кечке «Яндекс.Лавка» жана Delivery Club’тын курьерлери чогулган Третьяков галереясынын тушундагы «Макдоналдс». Кайрадан үстүнөн түштүк: бул жердеги курьерлердин жарымынан көбү кыргызстандыктар экен.

Иман буга чейин курулуш тармагында иштеген, ашпозчу да болгон. 2020-жылы курьерликке кеткен. Ал декабрда туугандарына 50 миң рубль салса, алар 60 миң сом алышчу, азыр 40 миң эле алып жатышат. Үй-бүлөнүн кредиттери бар. Эгер ушундай улана берсе, жумушту Кыргызстандан же башка өлкөдөн карап көрөм дейт.

Жигиттердин айтымында, курьер болуп иштеген алда канча жакшы: курулушта жакшы дегенде күнүнө 2,5 миң төлөйт, а бул жакта эгер 12 саат иштесең беш миң тапсаң болот. Азыр батирге ар биринен ай сайын 20 миңден жана тамак-ашка 10 миңден кетет. Каттоого туруу, убактылуу жашоогот уруксат алуу үчүн жылына 6,5-7 миң рубль сарпталат. Вакцина менен медициналык китепчеге жылына — дагы 10 -15 миң рубль. Эгер жумушуң «легалдуу эмес» болуп, полисиң жок болсо, дарыгерге да тыйын төлөйсүң. Кыргызстанда ушул нерселерден [акчаңды] үнөмдөп калсаң болот.

Данияр биринчи жылы курулуштагы түрдүү иштерге жалданып иштеген, ал жерде Иман менен достошуп калып, экөө чогуу жеткирип берүү тармагына өтүшкөн. Досунун кетип калуу ыктымалдуулуугу аны тынчсыздандырат: «Бүттү эми, рубль көтөрүлүп жатат, бир сом 0,85 рубль болуп калды, — деп ишендирип жатты Данияр. Бир айдан кийин баары жакшы болот, Орусия менен Украинанын ортосунда баары бүттү».

Бирок Иман өзүнүн кетиши тууралуу ишенимсиз айтып жатты. Алар орусиялыктардын Кыргызстанга агылып жатканы тууралуу угушкан, бирок жалпысынан алганда ал жакта жашоо Москвага караганда жакшы болорунан күмөн санашат. Айтымдарында, Орусияда өздөрүн ыңгайлуу сезишет: «Эгер виза мыйзамдуу болсо, базада турса, полиция тынчыңды албайт».

Сүрөт: Виктор Мухин/ Kloop

Жана дагы эң негизгиси, буйрутмалардын саны азайды. Эгер мурда 14-16 саат иштеп күнүнө 50-70 буйрутманы жеткирсек, азыр болсо, ошондой эле режимде иштеп, эң көп дегенге — болгону 30 буйрутма алабыз. Анда да аларды алыш үчүн саат беште түйүнгө келип, кезек алып, саат сегизде жумуш башталганга чейин күтүш керек.

Жөө курьердин максималдуу айлык акысы автобус жана метрого кеткен чыгымдарды алып салганда — 45-55 миң рубль. Ал эми унаа менен ташыган курьерлердин маянасы, бензин менен машинанын ижарасына кеткен каражатты алып салганда — 50-70 миң рубль. Жеке менин маянам ушундай, дем алуусуз, күнүнө 16 саттан иштейм. Бирок мен унаа менен иштегеним үчүн бир жолку сапарда даркстор аркылуу жети-сегиз буйрутманы бир эле учурда ала алам. Ал эми Delivery Club жана «Яндекс.Лавка» кызматындагы курьерлер бир жолку сапарда бир же эки гана буйрутманы ала алышат да, ошол акчанын жарымын эле табышат. Ошол эле учурда кирешенин бир топ бөлүгүн айып пул катары агрегатор алып коёт.

*Товарлардын онлайн -буюртмаларын түзүү кампасы

Азыр көпчүлүк курьерлер жумушсуз калышты, калгандары тапкан кирешесинин 60%ын жоготту. Мен иштеген компанияда жеткирилген бир буюртмага 117 рубль төлөшчү. Азыр ал 90-100 рублге чейин түштү. Ал эми 23-марттан тарта буйрутмалар 70 рублге түшөт.

Жана дагы эң негизгиси, буйрутмалардын саны азайды. Эгер мурда 14-16 саат иштеп күнүнө 50-70 буйрутманы жеткирсек, азыр болсо, ошондой эле режимде иштеп, эң көп дегенге — болгону 30 буйрутма алабыз. Анда да аларды алыш үчүн саат беште түйүнгө келип, кезек алып, саат сегизде жумуш башталганга чейин күтүш керек.


Азамат (52 жашта, Бишкек, 10 жылдан бери Орусияда) жана Бахром (35 жашта, Дүйшөмбү шаарынан келген, 7 жылдан бери Москвада). Экөө тең чач тарач болуп иштейт

«Түштүк-Батыш» метросуна жакын жердеги жеке менчик салон кыргызстандыктарга тиешелүү. Чач кырктыруу үчүн кезекте тургандар — жергиликтүү бир нече пенсионер жана ыйлаган баласын көтөргөн аял. Азамат баланын чачын ишенимдүү түрдөө желкесинен баштап ала баштады, ыйлап жаткан бала дароо жоошуй түштү.

«Эч кайда кетейин деген оюм жок, менин бүткүл жашоом ушул жерде, — дейт ал. — Азыр акчам карындашыма жөнөткөнгө жетпейт, анткени чач кырктыруунун баасы буга чейин 500 рубль болсо, азыр деле ошол ордунда турат. Биз бааларды көтөр албайбыз — кардарларыбыз жөнөкөй адамдар, алар келбей калышы мүмкүн. Бишкекте эле арзан дейсиңерби? Ал жакта мындан да кымбат. Баары бир Кыргызстанда Орусиядагыдан жакшы абал болбойт. Эгер Орусия бизнесин Кыргызстанга көчүрсө деле, аны өзү көзөмөлдөйт. Ал эми биздин бизнести биздикилер көзөмөлдөйт. Өлкө кичинекей, чоң кишилер чоң жегенди жакшы көрүшөт. Бирок санкциялар болбойт. Америкалыктар бизди жана казактарды коркута алышпайт, себеби бизде жашыруун лабораториялар бар».

Бахром сыртынан караганда москвалык кадимки хипстердей эле көрүнөт: саркеч кийинген, жайдары, испаниялыктарга да окшошуп кетет.

«Мен, чынын айтсам, декабрда эле барын таштап бул жактан кетем деп ойлогом, — дейт ал өзү жөнүндө эмес, кайсы бир фильмдин алгач үмүттөндүрүп, кийин көңүлүн калтырган каарманы тууралуу айтып жаткандай. — Патент кымбат, жашоо да кымбат. Дүйшөмбүдөгү досторум Грузиядан эски унааларды айдап келип сатып иштейли деп чакырышкан. Сонун бизнес болчу. Эми долларга карата сомони да арзандады, эми ким унаа алмак эле, 6000 долларга болсо да? Акчасы барлар жаңысын айдашат. Калгандары алса, алар да Орусияда иштегендер. Азыр алардын эле жумушу жакшы болуп жатабы? Эгер тамак-ашыңа жетип берсе жакшы. Демек мен да калам, ооба».

Замира (19 жашта, Жалал-Абад, бир жылдан бери Орусияда), Аида (26 жашта, Өзгөн, төрт жылдан бери Орусияда). «Андерсон» кафесинде официант болуп иштешет

Таң заардан эле кафеде киши көп, үнөмдөө, чыгымдарды кыскартуунун белгиси байкалбайт. Дасторкондо — айфон, коюу сүттүн көбүгүнөн шөкүлө кийген латте, баасы миң сомду чапчыган көп катмарлуу кекстер. Кыздар болоттой жаркыраган ашкана менен залдын ортосунда чуркап жетишпей жүрүшөт. Бул жерде иштегендердин баары, тарсылдаган администратор кыз баш болуп кыргызстандыктар.

Замира сыртынан мектеп окучусундай эле көрүнөт. Рублдун куну түшүп кеткени жашоосуна кандай таасир эткени тууралуу сурообуз аны өтө ыңгайсыз абалга салды. Кесиптеши жардамга келип, анын ордуна жооп берди. Көрсө, Замира Москвага байкесиникине жакында эле келген экен, бул жумуш анын Орусиядагы биринчи жумушу экен. 24-февралда кандай окуя болгонун ал жакшы түшүнгөн да эмес көрүнөт.

Аида Москвада үч жолу жумуш алмаштырган. Алар жолдошу менен Подмосковьеге жакын жерде ижарага алган батирде турушат. Өзгөндө болсо оорукчан ата-энеси калган, ошондуктан тынчы кетип атат. Бирок бул жердегилердин бири да мекенине кайтууну азырынча пландаша элек. Официанттар айына 45-50 миң табышат, бул жакшы эле каражат. Бирок жолдошу болбосо 25 миң рубль төлөп батирге чыга алмак эмес, кесиптеши экөөлөсө да төлөө кыйынга турмак. Аида мекенине кайтса ушундай көлөмдө каражат таба албай турганын билет, ошондуктан кетүү тууралуу ойлонгусу да келбейт. Андан тышкары, Москвада психологдун окуусун окуп, жеке ишин баштасам деген кыялы да бар. Болгону, жумуштан тышкары окууга убакыт бөлө албай келет: дем алыш күндөрү дагы бир кафеде кошумча иштейт.

Мырза (30 жашта, Бишкек, беш жылдан бери Орусияда), «Перекресток» супермаркетинде менеджер

Мырза да таксист Марат сыяктуу эле, бир кезде суши жасап иштечү экен. Азыр болсо супермаркеттин кулинардык бөлүмүндө ашпозчуларды башкарат, бир жерде кошумча жумушу да бар: жеке бизнесин ачуу үчүн акча чогултуп жүрөт.

«Аптасына алты күн, эртеден кечке тикеңден турасың, төлөгөнү болсо 50 миң, — деп эстейт ал ашпозчу болуп иштеп жүргөн кездерин. — Азыр болсо анын акысы 35 миң болуп калган, мындай акчаны Кыргызстанда деле иштеп тапса болот. Жапониядан нори [деңиз өсүмдүгү] алып келүү токтоду, жакында бул жерде суши жасалбай калат. Дагы көп нерсе жок болот: кумшекер, күрүчтү кампалардан тытып алып кетип жатышат деп айтышты, кийинчерээк алар да калбайт. Ушундай көрүнүш улана берсе кетиш керек болот».


Асилбек Эгембердиев, эмгек миграциясы боюнча эксперт:

Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигранттар жашайт. Ковидге чейин кыргыздар негизинен курулушта жана турак-жай коммуналдык чарба (ТКЧ) тармагында иштешчү, кийин тейлөө кызматтарына агыла башташты. Курьер менен таксинин жумушу да оңой эмес, бирок айына 35 миң айлык үчүн дем алышсыз, төрт кишинин ордуна көчө шыпырып иштегенден жакшыраак. Жакында Братеево районунда (Москвага кирет) ушунун айынан бир нече кызматкер [көчө тазалоочу] жумуштан кетти.

[Кыргызстандык] Avia Traffic авиакомпаниясында иштеген тааныштарым Бишкек менен Ошко билеттин баасы кымбаттаганына карабастан учуп кетүүнү каалагандар көбөйгөнүн айтышууда. Кимдир бирөө жумушсуз калган, айрымдар үчүн рублдун куну түшкөндүктөн бул жакта иштөө пайдасыз болуп калган, башка бирөө мобилизациядан коркуп жатат, анткени бул жакта иштегендердин болжолдуу 50%ы орус жарандыгын алган.

Бирок көпчүлүгү бир күнү баары ордуна келет деген кептерге ишенип, үмүт менен ушул жакта жашоосун улантууда. Анан калса, McDonalds азырынча айлык акыларын төлөп жатат, Coca-Cola компаниясынын заводу жабылып калса дагы үч ай айлык акыларды төлөп берерин убадалады, «Ашан», KFC жана Burger King болсо жабылбай турган болду. «Золотая Корона» аркылуу Кыргызстанга акча которууга санкциялар тоскоолдук кыла албайт. Көпчүлүк бул жакка көнүп, отурукташып, мекенине азыраак барып калышты: интернет туугандары менен күн сайын байланышып, көрүшүп турууга мүмкүндүк берет эмеспи.

Ага карабастан, 410 чет өлкөлүк компания Орусиядан чыгып кетти, мигранттар дагы кетет. Буга Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Бастрыкиндин түшүнүксүз жана түгөнгүс риторикасы көмөктөшүүдө. Анын айтымында мигранттар чөйрөгө ылайыкташа албай жатат, бирок өкмөт алар менен диалог жүргүзгөн эмес жана жүргүзбөйт дагы. Биздин Улуттар үйүндө 130 улуттун коомдук уюмдары катталган, алардын ичинен 30у гана активдүү иштейт. Мигранттарды массалык мушташ болсо, мисалы Кузьминкидегидей, ошондо гана эстешет.

Коронавирустан кийин Орусия мингранттардын дээрлик 20%ын жоготту. Анткени, бул жакта иштөө пайдасыз болуп калды. Эми бул жакка тажрыйбасы аз адамдар келе баштады, себеби алардын жакындары иштейт, бул жер алардын экинчи мекени. Капиталисттер аларды иштетип, таштап салышат, андан кийин ким иштейт? ДЭРби? Анан орусиялык бизнес Кыргызстанга барып, мына акча, келгиле деп суранат. Бирок эл жумушту, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Сауд Арабиясынан издеп баштады. Мурда ал жакка ажылык сапарга барчу, ал эми азыр кыздар-балдарды тейлөө тармагындагы жумуштарга алып жатышат. 


Турсунбек* (51 жашта, Ош, Орусияда 12 жылдан бери иштейт). Обручевский районундакөчө шыпырып иштейт

*каармандын өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү

«Мен бул жакта көптөн бери иштейм, кетейин деген оюм жок, эмнеге кетмек элем? — Турсунбек күрөгүн алып, бир жакка шашып баратып сүйлөп жатты. — Ооба, буга чейин миң рубль 1200 сом болчу, азыр — 800 сом. Ой канчалаган кризис болду. Бул дагы өтөт, коркунучтуу деле эмес. Чын, мен ушундай ойдомун. Кимди нормадан ашык шыпыртып жатканын билбейм. Биздин короодо (17 кабаттуу үй бар) үч киши [көчө шыпыргыч] барбыз, саат таңкы 6дан 17:00гө чейин иштейбиз. Үйдүн чатырындагы карды башкалар тазалайт. Бизге 45 миңден, кар бар кезде 50 миңден төлөшөт. Жатакана бекер, азык-түлүктү акча чогултуп базардан сатып алабыз: бир кап — картошка, бир кап — сабиз анан уй эти. Акыркы жолу сөөгү жок этти 550 рублдан алганбыз. Тамак-ашка бир айга орточо 5 миңден кетет.

Гүлжан (35 жашта, Ош, Орусияга келгенине 10 жыл болду. McDonalds’тын кызматкери

Гүлжан менен 14-мартта, ашкананын акыркы иш күнүндө сүйлөшкөнбүз*.

*McDonalds Украинадагы согушка нааразычылык иретинде Орусиядагы бардык түйүндөрүн жапкан. Бирок ашканалар азырынча ишин улантууда. Эмне үчүн — азырынча белгисиз. Айрым аймактардагы франшиза ээлери буга чейин алынып калган азык-түлүктү сатып түгөтүү үчүн иштеп жатканын айтышкан. Ал эми башка жактарда — такыр жабылбай турганын билдиришкен.

«Мен Оштон болом. Москвага келгениме 10 жыл болду, буга чейин ашпозчу болуп иштечүмүн. «Макдоналдска» айлык ачык-айкын төлөнгөнү үчүн баргам. Бул жакта эки балам окуйт, ошондуктан жолдошум экөөбүз ипотека алалы деп чечтик. 50 миңден ашык табам, жолдошум “Яндекс.Таксиде” иштейт, ал айына 80 миңдей табат — бизге жетет. Ал үчүн күнүнө 13-14 саат иштеши керек, көпчүлүк учурда дем алышсыз иштөөгө туура келет».

Эртең “Макдоналдс” жабылат. Бир же эки жылдан ашык иштегендерге айлык төлөй беребиз деп айтышты. А мен бул жерде иштегениме бир жыл боло элек, эми кайда барып иштейм чече элекмин. Мекенге кайтуу азырынча оюмда жок. Анткени биздин үй-бүлөдө барыбыз Орусия Федерациясынын жарандарыбыз.

Сүрөт: Виктор Мухин/ Kloop

Светлана Саламова, мигранттарга жумуш таап берүүчү Migrantio.ru порталынын негиздөөчүсү:

Азыр Москва менен облустарда жумушчу күчтү кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат. Көпчүлүк курулуш компаниялары объекттериндеги ишти токтотуп коюшту, айрымдары чет өлкөлүк кызматкерлердин санын кыскартып жатат. Биздеги маалыматтар боюнча, мигранттар же үйлөрүнө кайтып жатат, же бригадалары менен башка жумуш издеп жатышат.

Муну менен катар, Москвадагы вакансиялар: жүк ташуучу, тазалоочу кызматкерлер, идиш жуугандар, тажрыйбасы болбосо деле ашпозчуларга жумуш орундарына орношууну каалагандар көбөйдү. Санкциялар эң аз таасир тийгизген ритейл (чекене соода) дагы деле активдүү. Мисалы, Fix Price супермаркеттер тармагы Москва шаарындагы, Москва облусундагы, балким аймактардагы деле түйүндөрүнө чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга даяр.

Тамак-аш тармагындагы ишканалар чет өлкөлүк кызматкерлерди жумушка алууну токтотпойт: эт комбинаттары, канаттууларды баккан фабрикалар, балыкты кайра иштетүүчү ишканалар. Мындай жерлерде жумуш шарттары оор: конвейер, цехтер суук же ным, тик туруп иштеш керек. Орусиянын жарандары мындай жумуштарда иштеген мигранттардын ордуна барып иштөөгө дароо эле даяр болушпайт деп ойлойм. Нан чыгаруучу комбинаттар менен кондитердик ишканаларда ваканциялар болот. Дүкөндөрдө нан азыктарынын болушу — туруктуулук менен коопсуздуктун кепилдиги.

Жакында эле бизде «Д» категориясындагы (автобус) айдоочуларга ваканцияларды толтуруу үчүн чоң суроо-талап болду. Жумуш берүүчү чет өлкөлүк жумушчуларды өз эсебинен окутууга жана турак-жай менен камсыздоого даяр болчу. Ал Кыргызстандын жарандарын жумушка алууну көздөгөн эле. Анткени, биринчиден, аларга иштөө үчүн патент алуунун кажети жок, жана Орусия Федерациясынын бир гана субъектинде иштеши керек деген чек коюлган эмес. Экинчиден, Кыргызстандан келген айдоочулар Кыргызстандын айдоочулук кубөлүгү менен иштей алышат.

Учурда аял-мигранттарга жумуш табуу кыйын болот деп ойлойм. Азыртадан эле алар салттуу түрдө иштеп келген тазалоочу, иди-жууп иштөө, үй чарбасын жүргүзүүчү сыяктуу жумуш орундарына жергиликтүү аялдардын жумушка орношуу аракети көбөйгөнүн байкап жатабыз. Орусиядагы абал бир аз турукташып, тактала баштаса жумушка орношуу варианттарды да көбөйөт деп үмүт кылабыз.

Борбордук Азиядан келген мигранттардын эмгек рыногундагы абалы ар түрдүү.

Биринчиден, алар ишмердүүлүктүн тармактарын ич ара бөлүшүп алышкан. Тажикстандан келген мигранттар көпчүлүк учурда курулушта, өзбекстандыктарды — кампа жана заводдордо, арго өнөр жай ишканаларында жолуктурууга болот. Кыргызстандын жарандары болсо көпчүлүк учурда транспорттук компаниялар жана такси тармагында, жеткирип берүү кызматтарында, тигүүчүлүктө, ресторан бизнесинде, сулуулук (бьюти-сфера) тармагында иштешет. Көпчүлүгү Орусияда ишкердик менен алектенип башташат.

Экинчиден, жумуш берүүчүлөр аларга ар түрдүү мамиле жасайт. Мисалы, өбекстандык жумушчуларды ишенимдүүрөөк жана аракетчил деп эсептешет. Тажикстандын жарандары курулуш иштерине чыдамкай келишет. Кыргызстандыктар болсо жумуш берүүчүлөрдү иштөө үчүн патент алуунун кажети жоктугу, жана алар менен документ иштерин жүргүзүү оңой болгону үчүн өзүнө тартышат, аларга тигил же бул тармакта иштөөгө чектөө коюлган эмес. Бирок, экинчи тарабынан, алар бир жумуш орунда көпкө кармалышпайт жана жумуш шарттарына талап койгонду жакшы өздөштүргөн.  


Кыргыз ашканасынын тамактары жасалган кафенин тушундагы Uber унаасы. Сүрөт: Виктор Мухин / Kloop

Керим (35 жашта, Бишкектен келген, Москвада жашаганына 10 жыл болду). Uber’де таксист болуп иштейт

Көп окуган, кыраакы, Керим саясатчыга окшоп кетет: кыргыз диаспорасынын иштерине катышып, ал жактагы иштерге көз салып турат. Ал он жыл ичинде үйлөнгөн жок, анткени миграция үй-бүлөнү бузат. «Мен [эгер үйлөнсөм] Москвадан керебет орундук эмес, батир [ижарага] алышым керек болот», – дейт ал. Эгер аялдымды Бишкекке калтырсам — мен да, ал да бири-бирибиздин көзүбүзгө чөп салмакпыз. Он жылда кандай гана жумуштарда иштеген жокмун. «Бир убакта жайында көрүстөндө түнөп жүргөн күндөрүм болду, анткени ал жак тынч. Жерге от жагып, анын үстүнө чөптөн салып уктайсың». Бирок көпчүлүк сыяктуу эле такси айдоого көндүм.

Гуглга «Клооптун» аталышын жазып көрүп, Керим бул мамлекеттик сайтпы же жокпу деп кызыкты. «Көз карандысыз ЖМКбы? А, эми түшүнүктүү, эмне үчүн мигранттардын абалына кызыгып жатканыңар. Мигранттар миллион да, алардын ар биринин үйүндө жок дегенде үчтөн тууганы бар. Мигранттардын көйгөйү тууралуу жазса, Садырга [Жапаровго] басым кылса болот. Силерге батыш төлөйт да, бардык көз карандысыздарга [ЖМКларга]».

«Садыр эмне? Ал ушунча убактан берки эң мыкты президент. Ал кыска убакыттын ичинде көп нерсе жасады. Эки учкучсуз учакты сатып алды. Кумтөрдү мамлекетке кайтарды дейби? Ооба, коррупция калды, бирок Жапаров аны менен да күрөшүп жатат».

Керим согуштан жана санкциялардан (мен маектешкен башка кыргыздар сыяктуу эле) коркунучтуу эч нерсе көрбөй эле турат. «Орусия кайра эле бутуна турат, Орусия барын жеңет жана импорт кылчу башка өлкөнү табат. Эгер андай болбосо, анда бизге бул смартфондордун, интернеттин эмне кереги бар? Бул блогерлерге керек, а бизге окшогон карапайым адамдар ансыз деле жашай беребиз. Телефон аркылуу эле такси чакырып, көчөнүн жээгинен деле жол тосо алабыз».

«Орус калкы — чынчыл калк. Улуттук өзгөчөлүгүнө карап кемсинткен жаман адамдар да болот, мен аларды кээде түшүрүп салам. Же болбосо соода түйүндөрүндө азият улутундагы кыз пол сүртүп жатса, жап-жаш орус кыздар так анын алдына таштанды ыргытып, “тазаласын да” дегенин көрүп калам. Анын [азият улутундагы кыздын] жан дүйнөсү канчалык ооруй турганын элестетип көрсөңөр? Жанагы кыздарга барып “мындайга кантип колуңар барды?” десем, алар мени сөгүп салышты. Мен эмне кыла алам?»

«Бирок Орусияда, мисалы Казакстандагыдай улутчулдук жок. Орусияда жакшы адамдар көп. Пандемияда ижара акысын 50%га арзандатышты, колунан келген жардамын беришти. Жаман эл жок, Орусияда болсо — айрыкча. Караңызчы: Орусия бизге оор абалда да жан багууга жардам берип жатат, аз болсо да иштеп акча таап жатабыз. Дагы кайсыл жерде ушундай? Кытайлардын оюна койсоң, алар ушунчалык көп, жадагалса ар бири бирден түкүрүп койсо эле биз чөгүп кетебиз».

Керим эгер Орусиянын экономикасы төмөндөй берсе, мигранттар үйлөрүнө кайтууга аргасыз болот деп чочулап жатат. «Эгер орустар өздөрү жумушсуз калышса, анда алар көчөгө чыгып өздөрүнө жумушчу орундары керек деп айтып чыгышат. Бул туура, аларды да түшүнсө болот».

Автор: Виктор Мухин.