Балбан Акжол Махмудов UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча грек-рим стилиндеги күрөштүн мыкты балбаны рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Махмудов 77 килограмм салмакка чейинки балбандардын арасында биринчи орунду ээледи. Экинчи орунга венгер спортчусу Золтан Леваи, үчүнчү орунга — түрк балбаны Юнус Эмре Басар чыкты.

Акжол Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Буга чейин UWW Махмудов менен дагы бир кыргыз балбаны — Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп тапкан.