Бириккен күрөш дүйнөсү Махмудов менен Шаршенбековду 2022-жылдын «Тарых жаратуучулары» деп тапты

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) балбан Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын «Тарых жаратуучулары» деп тапты.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында Белградда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Махмудов венгриялык Золтан Левайды 8:0 эсебинде жеңип, «Кыргыз тарыхын кайра жазууга» болгону 2 мүнөт 6 секунд талап кылынган.

Ушул эле чемпионатта Жоламан Шаршенбеков финалдык турнирде болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон.

Бул наамга кыргызстандык эки спортчудан тышкары эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болгон албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 килограмм салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону жапониялык Юи Сусаки татыды.

Махмудов жана Шаршенбеков

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинигинин сап башына чыкса, Акжол Махмудов экинчи орунга татыган.

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Ал — Дүйнө жана Азия чемпиону, мурда Дүйнө чемпионатында эки жолу коло байгеге ээ болгон. Ал Дүйнө кубогунун да жеңүүчүсү.

Махмудов — чоңдор арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында бир жолку чемпиону. Ал эми кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле ал, кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион титулун алган.

Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. 2022-жылдын 12-сентябрында Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону деген наамга татыган. Ал эми апрелде Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын байгени багындырган.

Тема боюнча:

Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк UWW рейтингинде экинчи орунду ээледи