Орусиялык саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушу саясий жактан караганда президент Садыр Жапаров үчүн пайдалуу деп эсептейт. Бул пикирин Дубнов «Живой Гвоздь» YouTube каналынын журналистине курган маегинде айтты.
«Атамбаевдин бошотулганы ички саясий түзүмдөн алып караганда президент Садыр Жапаров үчүн пайдалуу болот. Атамбаевдин тарапташтары көп, мурдагыйда эле харизмалуу. Жапаровдун деле харизмасы бар, бирок анын Тажикстан менен чек арадагы чыныгы абалга же болбосо ички саясий түзүлүшкө байланышкан көйгөйлөрү бар. Бул саясий мүнөздүү иш. Ал кыргызстанда гана мүмкүн», — деди Дубнов.
Эксперт Атамбаевдин абактан чыгышына Москва кийлигише алмак беле деген маалыматка дагы комментарий берди. Дубнов Москванын андай калоосу болгон эмес деп эсептейт.
«Москваны азыр Атамбаев анча кызыктырбайт, ага көбүнчө Кыргызстандагы турулуктуулук кызыктуу, аны болсо Жапаровдун Атамбаевди бошотуунун натыйжасында алган упайы менен гана камсыздоого болот эле», — деп кошумчалады саясат тануучу.
Дубнов мурдагы президент саясий талаагы кайтып келбеши дагы мүмкүн деп эсептейт.
«Атамбаев саясий турмушка аралашат деп күтсө болот деп ойлобойм. […] Ал [чет өлкөгө] кетет, бирок, албетте, кайсы бир убактан кийин [бозгун] президент [Аскар] Акаевге жана мамлекеттик кылмышкер деп табылган экинчи [бозгун] президент [Курманбек] Бакиевге караганда кайтып келет» — деди Дубнов.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан 14-февралда Жогорку соттун чечиминен кийин бошотулган. Жогорку сот саясатчынын кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча өкүмүн жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөткөн.
Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президентке дарылануу үчүн Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгууга уруксат бергени да белгилүү. Мурдагы президент 15-февралда, колониядан чыккан күндүн эртеси эле дарылууну үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.
Анткен менен Атамбаев дагы деле бир нече кылмыш ишинин фигуранты бойдон калууда, алар сотто бүгүнкү күнгө чейин каралууда.