Жогорку сот Атамбаевдин кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишин кайра кароого жиберди

Алмазбек Атамбаев

Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча өкүмүн жокко чыгарып, аны кайра кароого жиберди. Бул маалыматты 14-февралда «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун соттук коллегиясы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жактоочу Замир Жоошев жана Сергей Слесаревдин кылмыш иши боюнча өндүрүштү кайра кароо өтүнүчүн канааттандырды.

Учурда иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Ошондой эле «Апрель» телеканалынын маалыматына караганда, Биринчи Май райондук соту Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берди.

Сүрөт: Токтосун Шамбетов / Azattyk

Буга чейин №27 түзөтүү абагында жаткан Атамбаевдин тарапташтары анын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөрү бар экенин айтып келишкен, бийлик болсо мурдагы президентке «абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүлгөнүн» айткан.

Кримтөбөл Батукаевди бошотуу

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Атамбаев бул иште депутаттык комиссия аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чыгаргандан кийин коррупцияга шектелген. Алардын версиясы боюнча, Батукаев «Атамбаевдин тапшырмасы менен, анын жетекчилигинде» бошотулган.

Кримтөбөлдү мыйзамсыз бошотуу иши боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Кийинчерээк бул Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын штурмга алууга себеп болгон. Эки күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин, күч органдары Атамбаевди кармашкан. Атайын операция учурунда бир спецназ каза болуп, 100дөй киши жаракат алган.

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иштин калган фигуранттары айыпка жыгылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаев кайрадан сот залынан чыгарылды. Ал кабинаны тепкилеп, прокурорду «акмак» деп атады

Алмазбек Атамбаевге козголгон жети кылмыш иши: Тизмектеп беребиз

Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаев Москвага барып дарыланууга муктаж