Орунбеков: Жапаров менен Ташиевдин атынан коркутушса укук коргоо органдарына кайрылгыла

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин атынан коркутуулар болсо укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин билдирди. Бул тууралуу Орунбеков Фейсбуктагы барагында жазды.

«Президент Садыр Жапаров кызматына киришкен күндөн тартып, мыйзам баарына бирдей болорун так кесе айткан жана ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кынтыксыз аткарылып келүүдө. Жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында мамлекет башчынын жана анын жакындарынын атын пайдаланууга мыйзам жол бербейт жана мындай ар кимди опузалоо фактыларына катуу чаралар көрүлөөрүн эскертебиз», — деп жазды Орунбеков.

Мындай билдирүүнү президенттин пресс-кызматынын башчысы Жалал-Абадды прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери кармалгандан кийин жасады. УКМКнын маалыматына ылайык, ал мурдагы кызмат ордунан пайдаланып, өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мамлекеттик кызматкерлерден акча опузалап жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облустук мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алганы аныкталган. Андан сырткары, алдамчылык жол менен жарандарга 150 миң сомдук насыя жана кымбат баалуу телефон алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган.