Жалал-Абад: Мамкызматта иштегендерди коркутуп, пара опузалоого шектелген мурдагы прокурор кармалды

16-февралда мамлекеттик кызматкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурдагы кызмат ордунан пайдаланып, өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзгүп келген.

Ошондой эле ал «мыйзам бузууларды таап», мамлекеттик кызматкерлерден коркутуу жолу менен пара алып жүргөн.

Ал Жалал-Абад облустук мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алганы такталды.

Андан сырткары алдамчылык жол менен жарандарга 150 миң сомдук насыя жана кымбат баалуу телефон алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган.

«Шектүү бир нече ирет алдамчылык жол менен айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, жарандардан ири суммадагы акча алып келген. Анткени, кармалган жарандын атасы Тайлак Турдубаев азыркы учурда Ички иштер министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облустук бөлүмү башчысы кызматын ээлеп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Комитеттен учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо максатында тиешелүү иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Ага ылайык, кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жана коркутууга кабылган жарандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрыла алат.

Буга чейин, 14-февралда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда опузалап пара талап кылууга шектелип, жергиликтүү кеңештин депутаты кармалган. Ал колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды