Кыргызстандагы айылдардын жарымында ичүүчү таза суунун жоктугу деген көйгөй бар. 2020-жылы 300 калктуу конушта суу түтүктөрү таптакыр жок болчу, дагы 600 айылда алар капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Акыркы жарым жылда «Ашар» Кыргызстандагы таза суу киргизүүнүн абалы тууралуу маалымат чогултту.

Бул изилдөөнүн натыйжасын биз Кыргызстандын картасын түшүрдүк — картага суу системасын оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү же суу түтүктөрүн өткөрүү боюнча бардык долбоорлор тууралуу маалымат киргизилди. Долбоорлор грант же болбосо мамлекеттик бюджеттен каржыланган.

Эгерде сиз жашаган аймакта таза суу көйгөйү бар болсо, картадагы маалымат менен салыштырып, бийлик маселени чечеби же жокпу билсеңиз болот. Андагы маалымат учурдагы абал менен дал келбесе — мисалы, айылыңызда таза суу жок, бирок картада маселе чечилген деп көрсөтүлсө — бизге кат жазсаңыз болот. Мындай көрүнүштүн чоо-жайын бирге аныктайбыз.

картага шилтеме 

Көрсөтмө: Сиз өзүңүздүн айылды таап, пайда болгон терезени басасыз — анда айылда кандай иштер аткарылганы жазылган. Аймактын аталышы тизмеде жок болсо, бирок сиз сурам жөнөтүүнү кааласаңыз кат жазыңыз.

Эмне себептен биз таза суу көйгөйүн алып чыктык?

2022-жылдын май айында Kloop Media «Ашар» долбоорун ишке киргизген. Анын алкагында фонддун юристтери менен биргеликте «Ашар» командасы кыргызстандыктарга жашоо үчүн зарыл болгон маселелерди чечүүгө жардам берет.

«Ашардын» багыттарынын бири — Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоо. Биз биринчи этапта ишке ашырылган жана пландалган долбоорлор тууралуу маалымат чогулттук.

Суу боюнча форманы толтуруу үчүн ушул шилтемени басыңыз.

Биздин колдонмону жүктөө үчүн бул шилтемени басыңыз.

Координаторлорго байланышуу:

https://t.me/gulzarm https://t.me/salamatshakirovhttp://wa.me/996709888848 http://wa.me/996702008771