Садыр Жапаров: Жакынкы үч жылда бардык күч кызматкерлери ипотекалык үй менен камсыз болот

Президент Садыр Жапаров жакынкы үч жылда милиция, прокуратура, УКМК жана Чек ара кызматкерлери ипотекалык турак жай менен камсыздалат деп убада кылды. Бул тууралуу ал укук коргоо, бажы жана көзөмөл органдарынын жетекчилерине жогорку наам берүү иш чарасында билдирди.

«Батирлер [маселесин] чечип жатабыз, мына алдыда келе жаткан үч жыл ичинде, Кудай буйруса, ИИМ системасында, УКМК, прокуратурада, чек арачыларда үйү жок бир дагы адам болбойт. Мамлекеттик ипотека аркылуу биз 20-25 жылга чейин үйлөрдү беребиз. Ар бир кызматкерге, жөнөкөй кызматкерлерге дагы, эмгек акыларынын күчү жетет. Азыр мына кезекке туруп жатышат, беребиз. Жылдын аягына чейин 15 миндей үй салынып бүтөт. Анан эмки жылы дагы 50-60 миндей адамга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге үй беребиз», —деди мамлекет башчысы.

Бийлик күч кызматкерлерине жаңы батирлерди бере баштаган. Былтыр август айында Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган. Чекисттер үчүн көп батирлүү жаңы үй Бишкекте салынган.

Анда президенттин басма сөз кызматынанан турак жай 306 үй-бүлөгө ылайыкталганын билдиришкен. Үй 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Арадан бир ай өткөн соң, сентябрь айында Жапаров Жалал-Абад облусунда чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган. Анда 36 үй бүлөгө делген турак жай бюджеттин эсебинен 100 млн сомго курулганы белгиленген.

Анткен менен аталган батирлер чек арачыларга кандай шарт менен берилгени так белгилсиз.

Мурдараак президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруларын билдирген. Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилери айтылган.

Күч түзүмдөрүнө турак жай президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда активдүү бериле башталган. Ал өлкөнү коркунучтардан коргогон «күч түзүмдөрүнө максималдуу көңүл бурулушу керек» деп белгилеген. Мурдагы президент «бул үйлөр ар башка өлкөдөн келген гранттардын эсебинен салынганын» айткан.

Башкы бетке архивдик сүрөт коюлду.