Бир кадр менен: Президент УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров 24- августта Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Жапаров иш-чарада улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойнорун белгиледи.

«Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер», — деди президент.

Ал бийлик мындан ары дагы аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо программасын ишке ашырууга күч-аракетин жумшарын кошумчалады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.