ЖК чет элдик жарандарга Ысык-Көлдө туристтик объектилерге ээлик кылуу укугун берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөлүк жарандарга жана юридикалык жактарга Ысык-Көлдө рекреациялык объектилерди, ошондой эле аларга караштуу жерлерди жеке мекчикке сатып алууга уруксат берүүнү сунушташты. Тийиштүү мыйзам долбоору 27-февралда коомдук талкууга коюлду.

Документти депутаттар Балбай Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков жана Элмурза Сатыбалдиев иштеп чыгышкан.

Алардын пикиринде, эгер чет өлкөлүктөргө пансионат, курорт, эс алуу үйлөрү, коттеждик айылчалар, конок үйлөрү жана алардын алдындагы жерлерге ээлик кылууга уруксат берилсе, бул «“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле өлкөгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт».

«Кыргызстандын рыноктук экономикасынын, жалпы эле туризм, спорт жана курорттук-рекреациялык аймагынын өнүгүүсү менен, инновациялык курорттук-рекреациялык объекттерди куруунун жана мезгил талабына шайкеш, олуттуу жаңычыл инфратүзүмдөрдү куруунун зарылдыгы келип чыгууда, бул Ысык-Көл курорттук-рекреациялык чөлкөмүн өнүктүрүүгө, анын ичинде чет өлкөлүк дагы, инвестицияларды тартуу менен түздөн-түз байланыштуу», — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга чек ара, анын ичинде өзгөчө статусу бар аймактарды кошпогондо өлкө боюнча рекреациялык объекттер жайгашкан жер участокторуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун демилгечилеринин айтымында, бул «чет өлкөлүк жарандарга туристтик тармакка инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берет».

Ысык-Көл Кыргызстандын негизги туристтик жайларынын бири эсептелет. Анын айланасында жүздөгөн пансионат, конок үйлөрү жана отелдер жайгашкан.

2023-жылдан тартып аларга тазалоочу курулмалары жок иштөөгө тыюу салынган.