Ысык-Көлдө тазалоочу курулмалары жок пансионаттарга 2023-жылдан тартып иштөөгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын сайтында жарыяланды.

«Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө [...] Бул терс тенденциялар кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн», — деп айтылат жарлыкта. 

Президенттин жарлыгына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар, эс алуу үйлөрү, конок үйлөрү жана санаторийлер менчигинин түрүнө карабастан, инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздалбаган болсо иштөөгө тыюу салынат.

Ошондой эле, алдыдагы курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттеждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берилет.

Жарлыктын аткарылышына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлери жооптуу.

Ал эми Министрлер кабинети «2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө» байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилди.